Menu

Атамбаев короосундагы элди өзүнүн керт башын сактап, максаттарына жетүү үчүн гана пайдаланууда

Бөлүшүү:

Мурдагы президенттин Кой-Таштагы иш-аракеттери акылга да, логикага да сыйбай баратат. Фантазиялары да, ойлоп табуулары да чексиз болуп бараткансыйт. Эптеп эле короосундагы элди кармап, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн ушундай бир чети күлкүнү, бир чети кыжырды келтирген аракеттерди жасап жаткандыгы айтпаса да түшүнүктүү болуп калды. Аргасыздан «…мурдагы президент түнү менен сценарийин жазып, эртеси күнү аны ишке ашырып аткан окшойт» деген ойго кептелбей койбойсуң. «Бийлик күч колдонгону жатыптыр» дегендей чагымчыл маалыматтарды өздөрү таратып, кайра ага өздөрү реакция кылып, айтор мунун баары кырдаалды чыңалтуу максатында жасалып аткандыгын түшүнүү кыйын эмес. Ал өзүнүн жасап жаткандарына отчет берип жатабы? Ал чындап эле ушундай жолдор менен максатына жетем, жазадан кутулам деп ойлойбу? Качанга чейин бир ууч элдин артына жашынып, аялдар менен балдарга корголойт?

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: «Атамбаевди эркиндикте калтырууга болбой калды»

-Алмазбек Атамбаев үчүн эсине келип, этегин жыйчу учур келди. Менимче, чечилгис, туңгуюктук абал жаралып калды. Мындай абал качанга чейин уланмак эле? Чекит коюлушу керек. Атамбаевди эркиндикте калтырууга да болбой калды. Ал Сооронбай Жээнбековго тынчтык бербей, иштетпей айласын кетириши ыктымал. Андан кийинки келчү президенттерге да тынчтык бербейт. Ошондуктан кырдаал туңгуюктук деп айтып жатам.

Атамбаевди өлкөдөн чыгып кетет деп божомолдоо жаңылыштык. Мурдагы президент Кыргызстандан эч жакка кетпейт. Антсе ал саясатчы катары өзүнүн эртеңине биротоло чекит коёт. Анын үстүнө ал Сапар Исаковду, Кубанычбек Кулматовду кантип таштамак эле? Алар Атамбаевдин айынан абакта отурушпайбы. Демек, бул кырдаалдын тынч чечилүүсүн көрө албай турам. Аңгектен качсаң дөңгөккө дегендей абал.

Турсунбек Акун, КРнын экс-Акыйкатчысы: «Атамбаев кырдаалды курчутуп, өзүнүн абалын оорлотууда»

– Албетте, мыйзам чегинде чара көрүү керек. Биринчи кезекте Алмазбек Атамбаев өзүнөн башташы керек болуп турат. Жигитчесинен өзү суракка келсин. Бүгүнкүдөй кадамдары менен ал кырдаалды гана курчутуп, өзүнүн абалын оорлотууда. Кырдаалды чечүү үчүн мыйзам чегинде катуу чараларды көрбөсө болбой калды. Коркуунун кереги жок. Ачык конфликтти пайда кылууга аракет кылган тарап күнөөлүү болот. Конфликттик абалды ИИМ суракка чакырса барбаган Атамбаев жаратууда. Ал чагымчылдык аракеттери аркылуу бардыгына зыянын тийгизип атат.

Молдомуса Конгантиев, мурдагы ИИМ башчысы: «Элдин башын айландыруу болуп атат»

Кырдаалды кантип чечүүнү ИИМдегилер ойлонушу керек. Ар бир жаран Мыйзамга баш ийүүгө милдеттүү. Эгерде баш ийгиси келбесе, анда ага мьйзам чегинде контрчаралар көрүлөт. Суракка чакыруу келдиби, анда кыңк дебей ага барышы зарыл. Күнөөсү жок болсо, анысын далилдеп берсин. Бул жерде татаал эч нерсе деле жок. Ал эми бүгүнкүдөй тирешүү атайылап жасалып, элдин башын айландырып атат.

Анэс Зарифьян, акын: «Атамбаев элди жадатып бүттү»

– Ачыгын айтканда, өкүнүчтүү кырдаал жаралды. Бирок Алмазбек Атамбаев өзү дайыма айтып келгендей, баары мыйзам чегинде болушу керек. Өзү биринчи кезекте мыйзамды сыйлабайбы. Демагогияны саясий оюнга айлантып эмне кереги бар. Ооба, бизде мыйзамдарда кемчиликтер, карама-каршылыктар бар. Атамбаев ошол нерсени бетине карманууда. Кой-Таштагылар менен Алмазбек Атамбаев элди жадатып, чарчатып бүтүштү. Ал мунун баарын коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, кырдаалды чыңалган абалда кармап туруу үчүн гана жасоодо. Бул айтпаса да түшүнүктүү.

Эгерде коомчулук Атамбаевдин фокустарына көңүл бурбай койсо, бул ал үчүн эң чоң жаза болмок. Мен ачыгын айтайын, бир нерсени таптакыр түшүнө албай койдум. Эмне, ал башкалардан өзгөчөбү, ага карата башкача чаралар каралышы керекпи? Эгерде өзүнүкүн гана туура деп эсептесе, анда эл аралык инстанцияларга кайрылып, укуктук талаада өзүн коргогонго өтсүн. Орто кылымдарды элестеткен аракеттерин токтотушу керек да!

Феликс Кулов, мурдагы премьер-министр: «Сурактан качса, сот залына келүүгө аргасыз болот»

– Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап кетүүнү сунуштабайт элем. Бул башаламандыкка алып келиши ыктымал. Эмне үчүн? Тергөө иштери улана берсин, баары бир ал түбөлүк уланбайт да. Андан кийин материалдар сотко келет, ошондо Атамбаев сот залына келүүгө аргасыз болот. Эгерде сот процесстерине да келбесе, фемида күчтөп алып келүү чечимин кабыл алат. Элди Кой-Таштагылар, алардын спектаклдери жадатты. Азыр го жай мезгили, Атамбаев короосундагыларды тамактандырып, курсактарын тойгузуп атат, ырчыларды чакырууда, а эртең кыш келгенде кандай болот? Ошондуктан тергөөчү ойлонбой, кабатырланбай эле койсун, андан көрө сыйын көрсөтүп эле Кой-Ташка өзү барсын. Ошол жерден Атамбаев тергөөчүнүн бардык суроолоруна жактоочусу менен биргеликте жооп берсин. Андан да баш тарта турган болсо, анда Атамбаев өзүн биротоло бурчка камайт. Сот залына келүүгө аргасыз болот.

Нариман Түлеев, ЖКнын экс-депутаты: «Анын бүгүнкү айтып жаткандары карандай калптар»

-Алмазбек Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү керек. Эгерде сурактын жүрүштөрүндө анын күнөөлөрү далилденсе, анын тагдырын сот чечсин. Мен аны соттоп, камап салсын дегенден алысмын. Анын кандай экенин жакшы билем, башыман өткөргөм, аны эч кимге каалабайм. Өлкөдөгү башаламандык, өзүм билемдик, коррупция, саясий оппоненттерин куугунтукка алгандары үчүн элден чын ниети менен кечирим сурасын.

Ал бардык жасаган жаман, мыйзамсыз иштери, сот системасындагы башаламандыктар үчүн коомчулуктан кечирим сурашы керек. Анын бүгүнкү айтып жаткандарынын баары карандай калптар. Өзүн сактоого болгон амалдуу аракеттер. Ага карата адекваттуу чаралар көрүлүшү керек.

Игорь Шестаков, саясат таануучу: «Атамбаев бүгүнкү күндө өзүн мыйзамдан жогору коюуда»

– Атамбаев бийликте турган кезинде мыйзам алдында баары бирдей, аны бузгусу келгендер камакка алынарын көп айтчу. Мындай сөздү радикалдык деңгээлде президенттик шайлоо маалында айтып, анда бийликте турганда кимдер мыйзам бузса, алардын баарын камата турганын билдирген. Бүгүнкү күндө ал өзүн мыйзамдан жогору коюуда. Кырдаалга өзү режиссерлук кылууда, өлкө социалдык-экономикалык иштер менен алек болгондун ордуна Кой-Таштагы саясий шоуго көз салып атат. Эгерде Атамбаев президент болуп турганда, кайсы бир саясатчы суракка 3-ирет чакырылса да келбей, камакка ала турган болсоңор курал колдоном деп чыкса, Атамбаевдин президент катары реакциясы кандай болмок? Менимче, ал Сооронбай Жээнбековдон айырмаланып, бир күндө эле күчтөп камакка алуу операциясын ишке ашырмак. Иштин фигуранты эчак эле УКМКнын тергөө изоляторунда отурмак. Текебаевди учактын трапынан эле кармап кеткенин эстейличи, агезде Текебаев Кыргызстандын коопсуздугу үчүн эч кандай коркунуч жараткан эмес. Атамбаев өзүнүн айланасында болушунча чыңалган кырдаалды жаратууну көздөөдө. Чындап келгенде, эгерде ал мамлекетчил, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын жогору койгон адам болсо, анда даанышмандыгын көрсөтүп, суракка өзү келип бардык суроолорго жооп бериши керек эле да. Азырынча бийлик да, Сооронбай Жээнбеков да чыдамын көргөзүүдө. Бирок ал чыдам, сабырдуулук чексиз эмес да. Башкысы, бул кырдаалда карапайым эл жабыр тартпашы керек. Азыркы күндө Кой- Ташта жүргөндөр жаралган кырдаалдын «туткундары» болуп калышты. Атамбаев аларды өз максатына гана пайдаланууда.

Алишер Мамасалиев, ЖКнын экс-депутаты: «Мурдагы президентке баррикада да, тарапкерлери да жардам бералбайт»

– Атамбаев Кой-Ташта ар кандай акцияларды, маалымат-жыйындарды, концерт, шоуларды уюштуруу менен дайыма коомчулуктун көңүл борборунда болууна максат кылууда. Азыркы күндө Атамбаев гана өзүнүн жеке коопсуздугунун гаранты боло алат. Анткени, мажбурлап суракка алып келүүдө ага баррикада, тарапкерлери, эч нерсе жардам бербейт. Атамбаевде бүгүн арга калбады, айласы кеткенде кылмыш иши боюнча башталган тергөө процессине саясий түс берүүгө аракет кылууда.

Атамбаевди мажбурлап суракка алып келүү менен камакка алууну алмаштырбашыбыз керек. Ал үчүн тергөөчү мажбурлап суракка алып келүү боюнча токтом чыгарып, аны менен Атамбаевдин өзү тааныштырылат. Атамбаевге карата андай чаранын көрүлбөй жаткандыгынын себеби, ал үйүн элдер менен курчап албадыбы, алардын арасында аялдар, жаш балдар бар. Андай учурда күч колдонуу туура эмес жана кооптуу болот. Бийлик ушул жагдайды эске алып, азырынча андай кадамга барбай турат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: