Menu

Турсунбек Бейшенбеков, журналист: “Баткендеги жаңжалга барган Жеңиш Разаков менен Кашкар Жунушалиевдин буга баштары жетпеди же “духтары” жетпеди”

Бөлүшүү:

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Акыркы эки күндөн бери Баткен облусундагы эки элдин араздашуусу, жаңжалдын күч алышы мени тынчтандырбай койгон жок. Жакында эле Баткен облусунун чек арага жакын аймактарын түрө кыдырып, эл менен жолугуп келдим. Ал жерде күн кечирип жаткан элибиздин катаал жашоо шартын көрүп, көзүмөн жаш акты. Эл менен жолукканымда алардын арыз-муңдарын угуп, көйгөйлөрүн чечүү бир гана ажобуздун колунан келерине толук ынандым. Ал эми ал жердеги карапайым калктан кабар алган жетекчилер балким сизге толук эмес маалыматты жеткирип жаткаңдыр. Эмесе сөз башынан болсун.

Мен журналист катары эл менен жолукканымда эл бийликтен үмүтү зор экенин айтып, чек ара маселесин чечүүнүн бир гана жолу – бул контрабанданы токтотуу дешти. Албетте, ал жакта чек ара посттору толук кандуу болбогондуктан, контрабанда жолу менен алектенүү оңойго турат экен. Ал эми бул контрабанданы токтотууга биз тараптан дагы, тажик тараптан дагы кызыкдар эмес аткаминерлер бар экени талашсыз. Айрым элдин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койрон аткаминерлердин айынан карапайым калктын азап чегиши туура эмес. 50 миң калкы бар Ворух анклавына жакын жайгашкан биздин айылдарыбызда болгону 4000ге жакын калк жашап, баардык кыйынчылыктарга туруштук берип келе жатышканын айтышты. Таңкалычтуусу, алжактагы жумушсуздуктун айынан элибиз аргасыз Орусияга иштөө үчүн үйлөрүн коңшу тажиктерге сатып кеткен учурлар бар экен. Эң кызыгы, ошол биздин жерибиздеги үйлөр сатылган соң, автоматтуу түрдө Тажикстандын жери болуп калганын айтып, элибиз кейип жатат. Бул эмне деген шумдук?! Мындай алешемдиктерге жол бербешибиз керек. Мейли, үйлөрүн сатып алсын, анда биздин жарандыгыбызды алып жашасын да, тескерисинче жерибизди алып кетпей. Бул багытта мамлекеттик катгоо кызматына тапшырма берип, аталган жагдайлар боюнча тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек. Илгертен ата-бабаларыбыз бир карыш жерибизди душмандарга бербей, урпактан-урпакка сактап келип берди. Эми мындан ары жерибиздин бүтүндүгүн, элибиздин
ынтымагын арттыруу сиздин түздөн-түз милдетиңиз. Андыктан, бул жаатта Тажикстан тарап менен дипломатиялык жол аркылуу бул көйгөйлүү маселени чечүү зарылчылыгы турат. Эгерде тажик тарап дипломатиялык жолго баруудан баш тартса, анда аргасыз принципиалдуу жолго барууга туура келет. Анткени элибиз эзилип, кыйналып бүттү. Эл, жер – эң кымбат, мындан өткөн дөөлөт, байлык жок.

Баткенде чек ара маселеси тутанганда эле күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер Жеңиш Разаков барат. Мейли, барганга жараша маселе чечип келсе кана? Тескерисинче, барганын барып алып, эл менен жолугуп, окуя болгон жерге барып ыкчам чечкендин ордуна, аскер бөлүгүнө кире качканы кандай? Анүстүнө Разаков боюнча эл арасында «тыңчы» деген шек болгондуктан, ага анчейин ишеним артпагандарына күбө болдум. Негизи дүйнөлүк практикада шектүү жетекчини кызматтан алат же жоопкерчиликтүү иштерден четтетет эмеспи. Бизде тескерисинче, «тажик тараптын тыңчысы» деген кеп жүрүп жатса, дал ушул маселеге аны жиберип коюп жатабыз. Аныбыз дагы жогорудагы ушактардын чындыгы бардай кылып, жашынып жатып алып атпайбы! Кыскасы, чек ара маселесин чечүүдө өз элине аброю жок, өз элинен корккон өкмөттүн облустагы мурдагы өкүлү, өкмөттүн чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Жеңиш Разаковду, ошондой эле өз көлөкөсүнөн корккон, эч нерсени чече албаган ич-ки иштер министри Кашкар Жунушалиев сыяктуу кадрлар отурганда, карапайым калктын коопсуздугу жана мамлекеттин бүтүндүтү коркунучта кала берет! Буга далил: кечээ чек арада атышуу болуп, эки тарап араздашып жатса, бул эки жетекчи Баткенге барып акимиатта жыйын куруп отурган маалда, кайрадан атышуу орун алыптыр. Бул жетекчилер акимиатта эмес, окуя орун алган жерге барып, ошол жерден жыйын курушу керек болчу. Буга алардын баштары жетпеди же «духтары» жетпеди. Мындай чала сабат жетекчилер бийликти эл алдында жер каратып коюуда. Андыктан мындай сабатсыз жетекчилерди кызматтан алып, сизди жер каратпаган, татыктуу, эр жүрөк, билимдүү адистерди кызматка дайындасаңыз элибиз үчүн дагы, сиз үчүн дагы пайда гана алып келмек.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен элибиздин тынчтыкта, бейпил күн кечиришин каалайм, сиздин дагы эң башкы максатыңыз ушул деп билем. Ооба, ал жердеги чийеленишкен чек ара маселесин чечүү оңойго турбасын да билем. Себеби, өз көзүм менен көрүп келгем. Эки тараптын жерлери аралашып, шахмат тааласындай болуп калыптыр. Балким, бул маселени эки тарап кеңешип, алмаштыруу жолу менен чечүү жагын караштырсак туура болобу деген ой келет. Себеби, ал жердеги тургундар керек болсо татыктуу жашоо үчүн үй-жайын оңдоого да батына алышпайт экен, кайсы бир күнү жаңжал чыгып кетсе кайра эле баары талкаланат деген коркунуч жүрөктөрүндө уюп калыптыр. Илгери үмүт менен жашап жаткан апаларды, наристелерди көрүп, «эмнеге бийлик булардын маселесин тезинен чечип бербейт?» деп ызаландым. Ошол жерде жашап, чек арабызды кыйынчылыктарга карабастан кайтарып жаткан элибизге таазим! Чек арага жакын айыл аймактагы элдин суранычы: бийлик тезинен контрабанданын тамырын кыркып, жумушсуздукту жоюп берсе деген ойлорун ортого салышты. Алардын айтымында, жумуштун жоктугунан жаштарыбыз сыртка кетип калып жатат дейт. Анүчүн бийлик биздин аймакка ири ишканаларды, логистикалык борборлорду куруп берсе, салыктан бошотуп, ар кандай жеңилдиктерди берип, жакшы шарттарды түзүп берсе эле чек араны өзүбүз коргоп алат элек деген ойлорун айтышты. Албетте, бул сунуштар орундуу, болгону аны аткаруу керек.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен Кыргызстандын жараны катары, жерибиздин бүтүндүгү үчүн, элибиздин бактылуу жашоосу үчүн атайын сизге кайрылуу жолдоп отурам. Бул кайрылуумду кулак сыртында калтырбай, баткендик мекендештерибиздин орчундуу көйгөйлөрүн чечип берериңизге терең ишенем. «Бетеге кетет жер калат, бектер кетет эл калат» демекчи, өзүңүздүн президенттик мөөнөтүңүздө бажыдагы, чек арадагы коррупцияны түп орду менен токтотуп, Баткен облусунун инфраструктурасын өнүктүрүп, өз ысымыңызды тарых барактарына алтын тамга менен жазып кетишиңизге тилектешмин!

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: