Menu

Казакстанда курал-жарак саткан кылмыштуу топ колго түштү

Бөлүшүү:

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) Алматы, Чымкент жана Кызылордо шаарларында мыйзамсыз курал-жарак сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар Алматы жана Чымкент шаарларындагы атайын операциялар маалында кармалган.

«Айрымдары деструктивдик багыттагы диний агымдардын жактоочулары болуп эсептелишет жана кылмыштуу топтор менен байланыштары бар», — деп жазылган УККнын билдирүүсүндө.

Бирок анда жалпысынан канча адам кармалгандыгы жана алардын курал-жаракты кайсыл өлкөдөн алып келип турганы боюнча маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: