Menu

“Азия-Ньюс”: Кашкар Жунушалиев тейтеңдей берсе бирди көрөт!

Бөлүшүү:

Арыбагыла, мен расмий органдарга арыз менен кайрылбайм, себеби, аларга ишеним жок. “Карга карганын көзүн чокубайт” дейт. Мен бир гана коомчулукка ишенем. Эмесе, кепти кыскача жана ырааттуу баяндайын.

ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев менен 7-башкармалыктын начальниги Бакыт Матмусаев менден 10 миллион сом өндүрүп алуу боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна даттануу арызы менен кайрылышкан. Учурда процесстер «ит жыгылыш» абалында жүрүп жатат. Себеби, чындык мен тарапта, ал эми соттор бийликтин жогорку жетекчилеринен коркуп атышат. Бул айныгыс чындык. «Азия Ньюс» суроо салган: «Кашкар крысабы?» деген. «Матмусаев саясатчыларды, бизнесмендерди тыңшап атабы?» деп сурамжылаганбыз. Болду. Анан эле күчкө салмай башталды… Буюрса, негиздүү фактыларды жакында чыгарам…

Дагы бир хохмасы: «Азия Ньюс» гезитинин документтери мыйзамсыз» таризинде бир аялга менин үстүмөн жасалма негизде арыз жаздырышат. Бул боюнча Бишкек ШИИБнин начальниги Канат Жумагазиев тыкыр текшерип, менин гезитимдин иш-аракеттери мыйзамдуу алкакта жүрүп атканын ырастады. Дагы эмне керек?

Учурда Ысык-Көлдө үй-бүлөм менен эс алып жүрсөм, айрым оперлер артыман түшүү менен компромат издешүүдө… Аман эле болгулачы! Мени убагында Бакиев, Атамбаев бийлиги катуу кысышкан, бирок сындыра алышкан эмес. Моюн бербейм…

Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: