Menu

Канатбек Мурзахалилов, эксперт: “Элди “согуштук режимде жашоо” акыбалынан тез арада кутулуу керек”

Бөлүшүү:

-Канатбек мырза, кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүнүн жолдорун сиз эмнеден көрөсүз?

– Бийлик демилгени өз колуна батыраак алып, чек ара маселесин чечүүгө бүт ресурстарын мобилизациялоосу керек. Анклавдарда жашаган элге ар бир эки-үч ай аралыгында эле «согуштук режимде» жашаган акыбал керекпи? Биз туулуп-өскөн айыл аркылуу дагы Шахимардан анклавына өтүшөт. Ошондуктан, бала кезден эле чек ара маселелери, улуттар аралык мамиле кандай маанилүү экендиги бизге белгилүү. Маселени жөнгө салуу үчүн жергиликтүү бийлик органдары борбордон келе турган тапшырмаларды күтпөй, демилгени өз колуна алып, локалдуу конфликттерди убагында жоюусу керек. Учурда баарыбыз эки өлкөнүн ажолорунун жолугушуусун күтүп, алар кандай чечимге келет деп күтүп жатабыз. Бирок, эки тараптын эли бир метр жерин берүүгө караманча каршы экендигин билебиз. Бул үчүн биринчи кезекте эки тарап тең аксакалдар институтунун потенциалын пайдалануу, элдик дипломатия эрежелерин күчөтүү керек. Белгилүү дин аалымдары дагы системалуу түрдө эки тарапка тең сабактарын өтүү зарылчылыгы бар. Экинчиси, саясый эркти колдонуу менен Кыргызстандан Тажикстанга чыгып жаткан аткезчиликти жоюш керек. Балким, тажик тарапка Кыргызстандын аймагында «чыңалуу очогу» керек болуусу дагы мүмкүн. Себеби, бул өлкөдө дагы бийлик трансформация болуу алдында турат. Делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптуу комиссиянын иштерин жылдын аягына чейин бүтүрүү керек. Элди «согуштук режимде жашоо» акыбалынан тез арада кутултуу – бийликтин биринчи милдети!

– Маселе чечилбей жатканын бир себеби, өзүңүз айткандай, эки тарап тең бир метр жерин берүүгө караманча каршы болуп жатканынан эмеспи?

– Акыркы эле чыр-чатак эмнеден улам келип чыкты? «Ак-Сай айылы» деген көрсөтмөнү алып, тажик тарап өз желегин илүүгө аракет кылганынан улам болгон. Жергиликтүү калк бир метр жерин берүүгө караманча каршы. Бирок, жергиликтүү калктын менталитетин билген адам катары айта алабыз, бийлик чечкиндүү кадамдарга барышы зарыл. Маселеге батыраак чекит коюш керек.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: