Menu

Зомбулуктан өлгөн балдар мамлекетибизди ойготпойбу?

Бөлүшүү:

Биздин өлкө, биздин жарандар балдарга болгон дагы бир зомбулуктун кубөсү болдук. Жайыл районунда алты жаштагы бала аракка ууланып чарчап калды. Мынчалык зомбулукка айры буттуу адамдар барды. Кудум «Ак кемедеги» баладай болуп алты жашар бала улууларга, акыл-эстүү адамдарга таарынып, о дүйнөгө узап кетти.

Милициянын маалыматы боюнча, наристеге апасы менен чогуу ичимдик ичкендер эки стакан арак ичиришкен. Бала Жайыл райондук аймактык ооруканасында бир нече күн бою жандандыруу бөлүмүндө комада жатып, эсине келбей чарчап калды. Алсыз бөбөк… Адамдарга таарынган бөбөк чарчап калды. Жаштайында жайран болду.

Бала ушундай адамдардын арасында жашап жаткан. Мурда кандай кордуктарды көрдү болду экен? Дагы канча бөбөк ушундай акыбалда, акылсыз, айры буттуулардын арасында жетилип жатышат болду экен? Жыл башынан бери эле канча ымыркайлар, бөбөктөр жакын адамдарынын запкысынан ооруканада эстерине келбей жатып чарчап калышты…

Мындай трагедияларды алдын албаган биздин социалдык коргоо кызматындагы адамдар кандай кызмат аткарышат? Же жөлөк пулу жарыбаган, бир берген «сүйүнчүсү» менен баарын бүтүрүп койгонсуган камкордугу аз өлкөбүзгө кейийсиң. Биз деги кандай өлкөдө жашап жатабыз? Өлгөн, чарчап калган, запкы тартып жаткан бөбөктөр да бийликте отурган кайдыгерлерди ойгото албады. Аянычтуу, кейиштүү. Биз балдары зомбулук көргөн өлкөдө жашап жатабызбы? Эксперттерге ушул суроону узаттык.

Аскер Сасыкбаева, журналист: – Акылды айраң калтыра турган окуяларды угуп, көрүп жатабыз. Эми ушул кичинекей балага ичимдик ичирген неме адам эмес, айбан го дейм! Мындайда бийликти, социалдык кызматтарды эле тилдей бербей, үй-бүлөнүн, ата-эненин милдеттери тууралуу айтсак орундуу болор. Биз бардыгын, жашообузду, турмуш-тиричилигибизди, дегеле баардык жакшы болбой жаткан нерсебизди мамлекетке арта салып, аны күнөөлөгөндү адат кылып алдык. Ар бир үй-бүлө күткөн, балдары бар адам балдары үчүн жоопкерчилик алганды, кам көргөндү билсе жакшы болмок. Тилекке каршы, андай болбой жатпайбы. Ушул алты жашар жеткинчектин өлүмү биздин коомдун диагнозун айтып турат. Адамдар жок дегенде адам сыяктуу жашайлы да, айбан да баласына мындай жамандык кылбайт. Билбейм… айтаарга, сыпаттоого сөзүм да жетпейт! Байкуш бала жашаган чөйрөнүн деңгээли… Биз көп эмеспиз, ар бир адамдын, айрыкча баланын өлүмү биз үчүн трагедия. Адамдар, адам бололучу!

Назгүл Турдубекова, «Балдар укугун коргоо лигасынын» жетекчиси: – Ушул Жайыл районунда көптөгөн окуялар болуп турат. Адамдар кыйноого, зордук-зомбулукка көп учурашат.

Бул райондо Бурулай деген жаш кызыбыздын өмүрү кыйылды. Дал ушул райондо тургундардын коопсуздугун коргоо коопсуздугу жок экени, кадр маселеси жакшы чечилип, ойдогудай иш алып барылбаганы көрүнүп турат.

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча жакшы мыйзамдар бар. Ар бир көйгөйлүү, жакыр жашаган үй-бүлөгө баланын укугун коргоо боюнча индивидуалдык план түзүлүшү керек. Иш алып барыш керек. Бул баланын өлүмү мамлекетке, ата-энелерге, социалдык кызматкерлерге, жалпы коомго сабак болушу керек.

Наргиза Өмүрбекова, журналист: – Акыркы учурда балдарга карата зордук-зомбулук күч алганы байкалып жатат. Бул адамдын психологиясынын бузулганынан же балдарга карата аёо сезимдин жоголуп бара жатканынан кабар берет деп ойлойм. Биздин мамлекет канчалык «балдар – биздин келечек» деген сайын жаш өспүрүмдөр жакындары тарабынан кордолуп жатканы өкүндүрөт. Кыргызстанды “балдары ачкадан өлгөн өлкө” деп атай албайм, бирок, балдары зордук-зомбулук көрүп жатканы айдан ачык. Анткени жыл башынан бери эле канчалаган наристелер туугандары тарабынан зомбулукка кабылып, ооруканада чарчап калышты. Буга Кыргызстандагы жумушсуздук маселеси кедергисин тийгизүүдө. Ата-энелер балдарын туугандарына таштап, чет жакка иш издеп кетүүгө аргасыз болушууда. Ал эми балага ата-эне берген тарбияны башка бирөө толук кандуу бере албайт. Бул жерде балдардын зордук-зомбулукка кабылуусуна ата-энелердин да күнөөсү бар. Алар баласын туугандарына таштап кетип жатканын эч качан тиешелүү мамлекеттик органдарга билдиришпейт. Ал эми балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдар качан гана бала зомбулукка кабылганда билип жатат. Бул көйгөйдү чечүүнүн дагы бир жолу – өлкө экономикасын жана жумуш ордун түзүү керек. Ошондо гана биздин балдар зомбулук көргөн көчөдө жашабайт.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: