Menu

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту

Бөлүшүү:

КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барып, андагы жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кубатбек Боронов кендеги объекттерди жана карьерлерди көрүп чыкты.

Бул тилкеде кен иштетүүгө уруксат алган Jhong ji Mining кытай компаниясынын өкүлдөрү жасалып жаткан кен иштери тууралуу айтып беришти.

Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда Солтон-Сарыда мал кырылгандыгына байланыштуу атайын комиссия бир катар лаборториялык экспертизаларды жүргүзгөнүн айтты.

«Биз керектүү маалыматтарды берип, силердин суроолоруңарга жооп бергени келдик», – деди Кубатбек Боронов.

«Компаниянын ишинде бир катар бузуулар бар, алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барышууда, бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Алар баарын оңдошот. Эң башкысы компаниянын ишмердүүлүгү адамдарга жана экологияга зыян келтирбеши керек. Компания ишин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Муну биз көзөмөлгө алабыз», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Андан соң Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калыс Жумаканов билдиргендей, Солтон-Сарыда малдын кырылганы боюнча экспертиза жасалып, малдын мите ооруларынын, топурактын жана суунун анализи жасалды.

«Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча малдын 66% өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылган. Малга вакцина жасоо боюнча алдын алуу иштери толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Тийиштүү вакцинация жасалбаса, мал дагы кырылат. Ошондуктан жарандар бул маселелерди чечүүгө олуттуу кароого тийиш» – деди Калыс Жумаканов.

Ал кошумчалагандай, экспертиза Jhong ji Mining кытай компаниясынын ишине байланыштуу эч кандай зыяндуу заттар жоктугун көрсөттү, адамдардын жана малдын саламаттыгына таасирин тийгизген заттар аныкталган эмес.

Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык кызматтын башчысы Төлөнбай Исаков билдиргендей, топурак жана суу текшерилип, натыйжада цианид аныкталган эмес. Ал ошондой эле Солтон-Сары кениндеги жана жайлоосундагы радиациясынын деңгээли ченемдерге дал келерин кошумчалады.

Жергиликтүү тургундарга кытай компаниясына эскертүүлөр берилгенин маалымдашты, ага ылайык жардыруу иштеринин аралыгы өзгөртүлүп, бул иштер жаңы система боюнча ишке ашырылат.

Айрым жашоочулар компаниянын ишмердүүлүгү менен кечээ жакында малдын кырылышын байланыштырып жатышат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча Өкмөттүн иши тууралуу айтып берип, жергиликтүү жашоочулар улам эле кайсы бир ишкананы жабууну талап кыла беришсе, анда инвестициялар жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү тууралуу айта алабызбы деп белгиледи. Анын пикиринде эгерде компания же ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында иштесе, экологиялык ченемдерди сактаса, аларга иштөөгө мүмкүндүк берүү керек.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кубатбек Боронов  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, райондун акимине жарандар айткан маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берип, аларды ыкчам чечүүнү талап кылды.

Вице-премьер-министр мындан тышкары тийиштүү ведомстволордун текшерүүлөрүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчилдиктерди четтетүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык топ түзүүнү тапшырды. Анын курамына тиешелүү ченемдерди кармануу үчүн Миң-Булак, Эмгекчил айыл аймактарынын 2 жашоочусу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү кирмекчи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: