Бүгүн, 25-июлдун кечинде Алмаз Атамбаев Москвага болгон сапарынан Канттагы Россиянын авиабазасына кайтып келип, журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.
-Сиз эми Ички иштер министрлигине суракка барасызбы?
-Мен дагы кайталап айтам, бийлик мыйзам талаасына кайтып келмейинче мен суракка барбайм. Мага каршы кабыл алынган мыйзамдардын баары, Жогорку Кеңештин менин экс-президент деген статусумду алып салган токтому Конституцияны бузуу жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын ашыра аткаруу менен мыйзамсыз кабыл алынган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ