Menu

Кыргызстан жана Тажикстан президенттери Исфара менен Чолпон-Атада жолугушат

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Исфара шаарына барат.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдиргенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ал мамлекет башчыларынын бул сүйлөшүүлөрү пландуу экенин, мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп турарын айтты.

Данияр Сыдыков кыска мөөнөттүк жумушчу сапардагы сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкуулана турганын кошумчалады.

«Чек ара боюндагы облустардын кыргыз-тажик элдеринин ортосундагы кошуналык мамилелерди жана достукту бекемдөөгө багытталган кызматташтыгын өнүктүрүүгө басым жасалат», – деп айтылат маалыматта.

Сыдыков эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Ата шаарында уланып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыгы чыгарыларын белгиледи.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: