– Башкы кардиохирург тууралуу пикириңиз керек болуп турат. Ушундай ысыкта жүрөгү оорулуулар, кан басымы жогорулап тургандар өздөрүнө кандай кам көрүшү керек?
-Азыр жайдын чилдеси. Ысыктын болуп турган убагы. Бул жайда мурдагы жылдарга салыштырмалуу аптап күчтүү өкүм сүрүүдө. Өтө ысык аба дагы оорулуу адамдын акыбалын тез өзгөртүп, оор абалга учуратышы мүмкүн. Өзгөчө кант оорусу, кан басымынын жогорулашы, жүрөк кан тамыр ооруларынан жабыркагандарга, бөйрөк оорулары ж.б. дагы көптөгөн оорулар менен жабыркаган адамдар кыйналат. Негизги көйгөй – күн ысыкта адамдын денеси суюктукту көбүрөөк чыгара баштайт. Ошондуктан күн ысыкта оорулуу адамдар салкын жерде отуруусу, суюктукту демейдегиден көбүрөөк колдонуусу абзел. Сыртта жүргөнгө туура келсе, баш кийим кийип, жеңил көйнөк менен анан албетте, жанында дары-дармектери болгону жакшы. Колдон келсе сууга түшүп, салкын, шамал соккон жерлерге ыңгайлануу зарыл.
Күн ысыкта тез бузулчу тамак-аш пайдаланууда этият болуу керек. Чындыгында чоң адамдар күн ысыкта өзүн кандай алып жүрүүнү жакшы эле билишет. Бирок, балдарга ушундай жөнөкөй эрежелерди түшүндүрүп, көңүл буруп туруу керек. «Сактансаң сактайм» деген кеп бар кыргызда. Ден соолукка кам көрө билели.
Жамиля Нурманбетова
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ