Menu

Атамбаев уруш уккан баладай башын шылкыйтып артына кайтабы?

Бөлүшүү:

Орусиянын президенти В.В Путин менен Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу көптөгөн суроолорго чекит койду. Дегенибиз, 24-июлда Кой-Таш тараптан чыгып, ЖККУнун Канттагы авиабазасы аркылуу колдоочуларынын коштоосу менен Алмазбек Атамбаев Москвага сапар тарткан. Чай ташыган кызматкери анын ар бир кадамын жарыялап, бир четинен бизди Кремль өзү күтүп атат деп ооз көптүрүп аткан.

Туура, кортеж Кремлди көздөй жол алып, Орусиянын президенти Путин Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу өткөргөндүгү белгилүү болду. Бирок эч кандай биргеликте расмий сүрөткө түшүү болгон жок. Жолугушуу 1 саатка чейин созулган. Камерадан тыш кандай сөздөр айтылды, ал Путинге жана АШАга гана белгилүү. Путиндин айтымында, ал Атамбаев менен аймактагы абалды талкуулаган.

«Учурдагы жана мурдагы кесиптештерим менен баарлашууга дайым даярмын. Алмазбек Шаршенович менен аймактагы кырдаалды сүйлөштүк. Менин позициям белгилүү, ага дагы бир жолу айттым. Мен Кыргызстанды бизге тарапташ, жакын мамлекет катары санайм. Кыргызстан башынан бир топ нерсе өткөрдү. Эми кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн ушуну менен токтоо керек», — деди Путин.

«Өлкөгө саясий стабилдүүлүк керек. Эл азыркы президент Сооронбай Жээнбековго өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жардам бериши керек. Чогуу жасай турган иштерибиз көп. Азыркы бийлик менен алардын баарын ишке ашырабыз деп ишенем»,—деди президент.

Ал эми Алмазбек Атамбаев сапары 25-июлда аяктап, кечинде кайра эле Канттагы авиабазага келип конорун айткан. Эми жолугушуунун төркүнү жөнүндө кеп кыла турган болсок, Атамбаев буга чейин Кой-Ташта аргасыздыкка кептелгенин мойнуна алып, анысын өзү байкабай, төшүн кагып менин досторум бар, керек болсо мени менен жолуккусу келген маанилүү кишилер бар деп мактанып атканын элдин баары көрдү. Атайын «Орусия бир боор энем, мага боору ооруйбу» деген таризде байкуш болуп барып анан уга турган сөзү ушул болду беле?! Путиндин ишараты чүкөңдү расмий бийликтин короосунан алыс ойно, сени колдогонго «желание» дагы, кызыкчылык дагы жок дегени айдан ачык көрүндү. Путиндин азыркы бийлик менен мындан ары дагы стабилдүү түрдө иштеше бере турган ою жана алдыга койгон бир топ максаттары бар экендиги белгилүү болду. Арийне, башынан революцияларды катары менен өткөргөн чакан өлкөгө азыр стабилдүүлүк, элге тынчтык керек болуп турат. Путиндин Атамбаевди кабыл алып Жээнбековду колдоого чакыргандыгы Атамбаевди эсиңе кел эле дегендик. Экс-саясатчыны мурунку олчойгон былыктары үчүн жалпылап алганда болжол менен 20 жылга жакын эркинен ажыратуу күтүлүп жатат. Ошондуктан Атамбаев Кремлден жардам сурап көрдү. Ою ишке ашкан жок. Өз кызыкчылыгын элдин, журттун кызыкчылыгынан өйдө койгон Атамбаевдин эмки кадамдары кандай болот?! Мыйзамга баш ийип, суракка келгенге духу жетеби же дагы да болсо тоң моюндук кылып, кайсарланып Кой-Ташка барып бийликке каршы кыйкырганын улантабы, көрө жатаарбыз.

Назгүл Исакова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: