Menu

Тарых музейиндеги коррупция, 225 миң евро карыз

Бөлүшүү:

Кыргызстан Улуттук тарых музейин оңдогон немис компаниясына 225 миң евро карыз. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, карыз төлөнгөндөн кийин музейди автоматташтыруу системасы ишке кирип, андагы тиркемелердин ачкычы берилет. Учурда карызды төлөп берүү боюнча жогорку деңгээлде талкуулар жүрүп жатат. Музейдеги коррупция бир жыл мурда ачыкка чыккан. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген. Учурда бул иш сотто каралууда. Музейди оңдоп-түзөө ишинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева айыпталууда.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: