Menu

Казакстанда трансгендер түрмөдө зордукталганын билдирүүдө

Бөлүшүү:

Алматы облусунун Жаугашты айлындагы аялдар түрмөсүндө отурган трансгендер Виктория Беркхожаева бир нече жолу сексуалдык зомбулукка кабылганын билдирди.

Анын адвокаты Айман Умарованын билдиришинче, соттолуучу абакка ээн-эркин кирип чыккан улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан үч жолу зордукталган.

Беркхожаева тиешелүү органдарга арыз менен кайрылган. “Бир нече жолу кайталанган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бул ишти Иле райондук полициясы карап жатат, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн тартип сакчылары маалымат берген жок.

Учурда Виктория Беркхожаева коопсуздук үчүн жашы жете элек өспүрүмдөрдүн мурдагы бөлүмүнө которулду.

Виктория Беркхожаева 2016-жылы кармалган. Ал жынысын эркектен аялга өзгөрткөн. 2017-жылы Алматы соту аны ири өлчөмдөгү акчаны опузалап алуу айыбы менен жети жылга эркинен ажыраткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: