Бүгүн, 26-июлда Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев «Toshiba Energy Systems and Solutions» компаниясынын жетекчилиги менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган компания менен кызматташууну тереңдетүүнүн перспективаларын талкуулашты. Элчи Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын рыногуна кирүүнүн мүмкүнчүлүтөрү жөнүндө айтып берип, эки тараптын кызыкчылыгына татыган маселелерди кененирээк талкуулоо максатында, Бишкекке сапар жасоону сунуштады.
Тараптар бул маселе боюнча консультацияларды улантууну макулдашышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ