Бүгүн, 27-июлда Атамбаевдик режим “мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылды”, “террористтерге жардам берди” деген оор айыптар менен 2017-жылы 10 жылга кесип жиберген экс-депутат Максат Кунакунов Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулганы белгилүү болду.
Максат Кунакунов камакка алынардан мурун Атамбаевдик режимдин кылмыштарын сындап жүргөн. 2015-жылы атайын кызматтар динчил террористтик топ деп тааныган бир группаны кармагандан кийин, алардын биринин телефон аппаратынан Максат Кунакуновдун номерин таап алып, ошол топко Максат Кунакуновду да байлап, 2017-жылы 10 жылга кесип жиберген.
Максат Кунакунов атасы тарабынан 1986-1992-жылдары Кыргыз ССРинин жана КРнын финансы министри болуп кызмат кылган Керимжан Кунакуновдун инилери болсо, апасы тарабынан Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун жээни болот.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ