Menu

ИИМ: Атамбаев суракка өзү келиши керек, жазуу түрүндө адвокат аркылуу сурак берүү деген жок

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев суракка өзү келип, тергөөнүн суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү. Адвокат аркылуу, жазуу түрүндө сурак берүү деген жок. Бул тууралу бүгүн, 27-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Анткени “тергөөнүн сыры жана кызыкчылыгы” деген түшүнүк бар, ага ылайык сурак берүүгө милдеттүү күбө тергөөгө көрсөтмөнү жеке өзү бериши зарыл жана ал сөзсүз түрдө сурак формасында болушу керек.  Сурак берүүгө милдеттүү күбөнү суракка мажбурлап алып келүүгө болот, бирок ал маселени тергөөчү өзү чечим кабыл алып, чече алат деп билдирет Ички иштер министрлиги.

Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин ИИМдин тергөө башкармалыгы Алмаз Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 3 жолу суракка чакырып, бирок Атамбаев суракка келүүдөн баш тарткан.

Ага чейин камакка алынган экс-Ички иштер министри, экс-вице-премьер Шамил Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы ошол кездеги президент Алмаз Атамбаевдин буйругу менен түрмөдөн бошотушкандыгы боюнча көрсөтмө берген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: