Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Биздин экономика Кытай жана Россия менен келишимдерди ишке ашыруунун үзүрүн көрүшү керек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия  Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарларынын алкагында кол коюлган эл аралык келишимдерди жана бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, экономика министри Санжар Муканбетов, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын, Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы келишимдерди,  ошондой эле VIII кыргыз-россия аймактар аралык конференциясынын жана кыргыз-кытай бизнес-форумунун алкагында кол коюлган документтерди ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Белгилегендей, «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору» VIII кыргыз-россия аймактар аралык конференциясынын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 6 млрд. 134 млн. 860 миң АКШ долларына 53 келишимге (макулдашуулар, меморандумдар, соода келишимдер), анын ичинде инвестиция чөйрөсүндө 5 млрд. 514,7 млн АКШ долларына жана соода тармагында 620 млн АКШ долларына кол коюлган.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин визитинин алкагында өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунун жүрүшүндө жалпы суммасына 7 млрд. 828 млн АКШ долларына тоо-кен, агрардык өнөр жай, билим берүү, курулуш тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган 24 документке кол коюлган. Мындан тышкары 500 млн юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам бөлүү жөнүндө келишимге кол коюлуп, 2019-жылдан 2021-жылга чейин 1,5 млрд юань гранттык жардам көрсөтүү ниети ырасталды.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, буга чейинки жылдары эл аралык келишимдерди аткарууда создуктуруу орун алган, мындан ары андай болбошу керек.

«Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери кол коюлган документтерге жеке жоопкерчиликти тартышат. Кабыл алынган чечимдерди аткаруунун жүрүшүн туруктуу негизде көзөмөлдөө жана документтерди ишке ашыруу жолдорун баскычтуу жазып чыгуу, жооптууларды аныктап, конкреттүү мөөнөттөрдү белгилөө зарыл. Түшкөн каражаттар түз максатында эң артыкчылыктуу чөйрөлөргө багытталышы үчүн биздин ишибизди тутумдаштыруу керек. Алар «жок болуп» кетпеши керек, мурдагыдай башаламандык эч болбошу керек. Биз экономикабыз үзүрүн көрүшү үчүн аларды натыйжалуу өздөштүрүүгө тийишпиз. Биздин жарандар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын жакшы кабыл алышып, олуттуу натыйжаларды күтүп жатышат», – деди Премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев дагы бир ирет белгилегендей, бул эл аралык иш-чаралардын жүрүшүндө макулдашууларга жетишилип, алардын сапаты жана өз убагында аткарылышы атамекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн зор мааниге ээ.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: