Menu

Бөдөш Мамырова, экс-депутат: “Атамбаев туура эмес кадамдарды таштады”

Бөлүшүү:

— Атамбаевдин Россия президенти менен болгон жолугушуусу абдан көп кырдуу талкууга жем таштады. Бул жолугушууга Атамбаев жеке булактары аркылуу көптөн бери суранып атып жетишти. Албетте туура эмес кадам таштады. Биринчиден мамлекетти мыйзамдарды сыйлабагандык, элди эл катары улут катары санабай эгемен мамлекет экенибизди эсинен чыгарып, алты жыл эл башкарган адам эмес акылынан адашкан адам жасабаган кадамды жасады. Экинчиден, мындан кийин дагы биздин ички ыйкы-тыйкы, майда-чүйдө иштерибизге коңшуларды катыштырууну, анын ичинде Орусияга арызданып барып көз жаш төгө берсе боло турган жагдайды баштап койду. Үчүнчү, абдан орчундуусу бул Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп, тебелеп-тепсегени аз келгенсип эл аралык дагы мыйзамдарды бузду. Канттагы аскер багытындагы авиабазадан учканга ким уруксат берди. Ал авиабаза ОДКБ келишиминин негизинде аскер багытында гана иш алып барат, жарандык авиация тейленбейт. Өзгөчө кырдаал тузүлгөн жок. Ошол жааттан алып караганда Россиянын авиабазасы менен дагы такташа турган маселелерди пайда кылды. Бул аскерий багытта иш алып барабы же Атамбаевди кошо тейлесин деген жобо барбы деген суроо жаралып жатат.

Негизи туура эмес кадам болду. Путин эл аралык дипломатиянын чегинен чыкпастан азыркы бийлик менен мындан ары стратегиялык өнөктөш катары иш алып бараарын, кыргыз элин азыркы бийликтин айланасында чогуу иш алып баруу маанилүү экенин айтты. Башкача болушу дагы мүмкүн эмес. Анткени мыйзам баарына бирдей иштеш керек. Албетте Путиндин расмий билдирүүсүнөн башка дагы сөздөр болгондур. Бирок жанында туруп укпагандан кийин ар кандай жоромолдор боло берет. Эгерде айтылган болсо анда эгемен кыргыз мамлекети улут катары көз карандысыздыгыбыз кайда калат?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: