Menu

Токтогул Какчекеев, саясий серепчи: “Чек арадагы коопсуздукту чек ара кызматына жүктөгөнгө болбойт”

Бөлүшүү:

– Токтогул агай, акыркы мезгилде чек ара чыры бат-бат кайталана баштады. Бу сапар ок атылып, элдер коопсуз жайга да көчүрүлдү. Элди түйшөлткөн маселени кайталанбай турган кылып чечүүнүн жолу барбы?

– Чек арадагы чырды кайталанбай турган кылып чечүү чыны менен өтө оор иш. Ал маселени чечүү үчүн көп каражат, көп аракет жана мамлекеттин кызыкчылыгы керек. Антпесе чек ара кызматы жана чек арачылар бул маселени эл күткөндөй чече албайт. Анткени алар чек араны гана кайтарууга милдеттүү. Бул маселеге өкмөт жана анын алдындагы делимитация, демаркацияны ишке ашырып жаткан бөлүмдүн жетекчилери, тышкы иштер министри жана чек ара маселеси менен алек болгон вице-премьер министр катуу киришүүсү зарыл.

Башкача айтканда, бул ишти жума сайын тактап, жума сайын кайрылып, алдыга жылдырганга аракет кылышы милдет. Антпесек иштен жыйынтык чыкпайт. Айтмакчы, бул маселе менен алек болуп жаткандардын дагы кызматтык тажрыйбасын, деңгээлин да карашыбыз абзел. Болбосо чек арага тиешеси жоктор маселени чече турган кызматтарга келип алышып суз мамиле кылып жатышканы байкалып жатат. Ошон үчүн мындай ишке өзгөчө маани бере турган отставкадагы Санкт-Петербургдагы же Ленинградда аскердик окуу жайынан билим алган офицерлерди тартышыбыз кажет. Анткени чек ара маселесин аскердик тартипте, аскердик кызыкчылык менен чечүүнү да колго алышыбыз керек.

– Чек арадагы чырдан тажаган, чек арага чектеш жашагандар социалдык тармактарда чек араны жаап салса, контрабандалык жол менен өтүп жаткан товарлар, күйүүчү майлар өтпөй калып, кыргыздар эмес, тажиктер жапа чегээрин айтып жатышат. Алардын сунушун колдоого алсак болобу?

– Тажиктерди эсине келтирүү үчүн же аларды коркутуу үчүн чек араны жаап сала албайбыз. Анткени Конституция боюнча чек араны кол тийбестик менен коргоо жана тактоо мамлекетке жүктөлгөн. Контрабандалык товарларды өткөрүү кылмыш кылганга тете иш. Ошон үчүн контрабандалык жол менен эч нерсени өткөрбөш керек. Өткөргөндөрдү кылмыш жообуна тартып жазалаш керек.

– Чек арадагы коопсуздукту чек ара кызматы сакташы керекпи?

– Чек арадагы коопсуздукту чек ара кызматына жүктөгөнгө болбойт. Анткени чек аранын тегерегиндеги айыл апада, шаарларда коомдук тартипти Ички иштер министри, коомдук комитеттин өкүлдөрү карайт. Чек арачылар чек араны гана кайтарышат.

– Чек арада чыр чыккан сайын Мамат Айбалаев менен Улукбек Кочкоровду губернатор кылса эле маселе чечилип, кырдаал жолго салынып калаарын айткандар бар. Чындап эле бул эки инсандын бирин губернатор кылса чек арадагы чырды басууга, чек ара маселесин чечүүгө салым кошо алыша алабы?

– Мунун баары тең жалган жана убактылуу иш. Анткени алардын авторитети менен мүмкүн бир ай же 3 ай чек арада тынчтык сакталаар. Бирок алар делимитация, демаркацияны кыла алышпайт да. Алар балким кол кабыш кылышаар. Ошон үчүн Айбалаев же Кочкоров губернатор болсо эле чек арада чыр чыкпайт дегенге ишенбешибиз керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: