Menu

Москвада ишемби күнкү митингде кармалгандар соттолууда

Бөлүшүү:

Москвада шаардык кеңешти шайлоого көз карандысыз талапкерлерди катыштыруу талабы менен ишемби күнү өткөн митингде кармалган адамдар соттолууда.

«ОВД-Инфо» укук коргоо порталы отурумдар ушул жумада Москвадагы 22 сотто өтүп, аларга дээрлик 70 полиция бөлүмүнөн адамдар жеткириле турганын кабарлады.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, акция маалында 1373 адам кармалып, 150дөн ашыгы эки сутка полиция бөлүмдөрүндө кармалып турушкан. Алардын бирине полиция кызматкерине кол салуу боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүндүгү кабарланууда.

Күбөлөрдүн айтымында, кармалгандардын арасында мэриянын алдындагы митингге катышуу ниети жок, жөн гана көчөдө өтүп бараткан адамдар дагы бар. Укук коргоо органдары митингди таратуу маалында катышуучуларга карата күч колдонуп, жыйынтыгында 70тен ашык адам жаракат алган.

Европа биримдиги менен эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Москванын борборундагы акцияда адамдардын жапырт кармалышын айыпташты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: