Menu

Эстен чыккыс каникул же студент кыздын 600 сомун уурдаган үч жигит

Бөлүшүү:

Автобуска же маршруткага түшүп калганда, мамлекеттин каражатын уурдап-тоногондор жөнүндө сөз болсо, «мындай намыс-ары жок шылуундар кайдан чыгат» деп таң калчумун. Алар жылмаңдап сүйлөп, саркеч кийим кийип, келечегинен үмүттөндүргөн адамдай түр көрсөтүп, арабызда эле жүрөт экен.

Мен андайларды өз көзүм менен көргөндөн кийин ишендим. Быйыл жайкы каникулда ата-энеме оорчулук келтирбей, «жок дегенде кийим-кечемди бүтөп алайын» деп, бир кафеге жумушка орноштум. Акча табышка мүмкүнчүлүк берген кафенин жетекчилигине рахматтан башка айтаарым жок.

Жумуш жеңил эмес. Кардарлар көбөйгөндө, бир мүнөт отурганга чоло тийбей, чуркап иштейсиң, чарчайсың. Ошондой күндөрдүн биринде үч жигит тамак ичкени отуруп калышты. Мындай сымбаттуу, таза кийинген мырза жигиттер күндө келбейт. Шыпылдап жетип барып, заказ алдым, ашпозчулар тамактарын даярдап бергиче, күзгүгө каранганга да үлгүрдүм. Тамактарды жигиттердин алдына койдум. Экинчи столдогуларды тейлеп, үчүнчү столдогуларга тамак алып келгенимде, баягы үч жигит ордунда жок болуп чыкты. Эки жакты карасам көрүнбөйт. Бирге иштегендерге төлөп кетиштиби десем төлөшпөптүр. «Кантип эле төлөбөй качып кетишсин», деп ичимден ишене албай турдум. Бири орто бойлуу, кашы-көзү кара, кол саатын улам-улам каранып кербезденген, экинчиси арыкчырай, бою узун, кара тору, чачы тармал, үчүнчүсү орто бойлуу, аксаргыл сулууча жигит эле. Алар адамдык абийирин, жигиттик намысын арзыбаган 600 сомго алмаштырып кетет деп ойлогон эмесмин.

Бир күндө мен тикемден тик туруп ушунча суммада акча табам. Аны жанагы мырзасынган үч жигит жеп, сызга отургузуп кетти. Ыйладым. Мээнетимеби же жанагы үч айбандын карөзгөйлүгүнөбү билбейм. Ыза болгонумду айтпа.

Ошол жигит сөрөйлөр, балким, кыздарын жандап жүргөндүр? Мен андайларды жигит деп айтканга оозум барбайт. Арзыбаган 600 сомдун ар жак, бер жагындагы акчага эптеп жанбаксам деп жанталашкан студент кызды алдап, сызга отургузгандардан кайсы жыргаган адам чыкмак эле? Алар мамлекеттик кызматка келишсе да ошол адаттарын калтырбайт.

Айтор, И. Арабаев атындагы КМУнун 2-курсун бүткөндөн кийинки каникулум ушунусу менен эстен чыккыс болуп калды. «Жылтырагандын баары алтын эмес», деген накыл сөз бекер жерден айтылбаптыр да…

Жыпаргүл Турарбекова И. Арабаев атындагы КМУнун МТжМИнин 3-курсунун студенти

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: