Menu

Калпакты кастарлай алабызбы?

Бөлүшүү:

Кыдыр даарыган кыргыз элибиздин эң ыйык ата мурастарынын бири – калпак экенин баарыбыз эң жакшы билебиз. Биз бабадан калган баш кийимди көздүн карегиндей кастарлоого, ыйык сактап кийип жүрүугө ар бирибиз милдеттүү экенибизди дагы эң жакшы түшүнөбүз. Бирок, ааламдашуунун шарданында касиеттүү калпагыбызды эскинин саркындысы катары карап, чангандар жок эмес. Андай маңкурттар кыргыздын өзүнөн чыгып жатканы жанды кейитип, кабырганы кайыштырууда.

Анан да мамлекеттин өнүкпөй жатышын калпакка байлаган кемпайларды көргөндө күйбөгөн жериң күл болуп, өлбөгөн гана төрт шыйрагың калган учурларды кездештирип жүрөбүз.

Маселен калпак боюнча материал чыкканда, «кыпкыргыздын» балдары төмөндөгүдөй комментарий жазышкан:

Өмүрбек депутат: —Калпак кийгендердин башы иштебейт. Дайым кийип жүргөн А.Бекназаров, Т.Тургуналиев өңдүүлөр мамлекетти талкалады.

Новый киргиз: —Дагы айтам, калпакта эч кандай касиет жок! Мончого кийгенге абдан ылайыктуу. Калпакты кийгенде кадырың кайкып кетпейт. Калп эле патриот боло бербегиле. Калпак кийгендин баары эле патриот болсо качан эле Кашкарды ээлемекпиз. Эртең маңкурттун баш кийимин касиеттүү деп чыксаңар таң калбайм.

Жамалбек (Москва): —Заманга жараша кийим да, жашоо да өзгөрөт. Ата-бабаныкы деп эле күчкө салып кийгизген туура болбойт. Мен маселен калпак кийгим келбейт. Калпак кийген адамдар эски философия, эски турмуш менен жашап жүргөн. көрүнүп тургансыйт. Анан, калпагын баса кийип алып, анысын чечпей жыйналышта, үй ичинде отурган кыргыздарды түшүнө албайм.

Ата мурасын өз деңгээлинде аздектей албагандыктын айынан арабыздан минтип дөдөй манкурттар чыгып, өзөктөн чыккан өрт, өздөн чыккан жат болуп шорубузду шорподой кайнатууда. Мындай шартта ниети бузуктар карап турабы, андан нары жиреп, тебелеп-тепсей баштады. Орус өкүлүнүн депутаты И.Карамушкина кыргыз калпагын саунага кийсе жараша турганын Финляндия парламентинде жар салса, Ош шаарында өзбек улутундагы жаш балдар калпакты тепкилеп ойноп, «Бишкек парк» соода борборундагы байлыкка манчыркаган түрктөр калпакты итке кийгизип кордоду. Кыйкырымыш эттик, тим болдук. Бапиев деген жигит ыр чүргөдү.

Ак калпак кыргыз мурасы

Ой басып санаам суз болду.

Жүрөгүм тоңуп муз болду.

Калпагымды итке кийгизип.

Кор кылды чебер уз колду.

Кыргызымды шылдыңдар

Итчен бир капыр кыз болду

Калпакты жүрсө ит кийип.

Колдонулбай чаралар.

Кантип чыдап турдуңар?

Катыгүн кыргыз жарандар.

Көргөндө көзүм чекчейип.

Көкүрөк болду жарадар.

Ак калпакты кор кылды,

Табалбай калдым айласын.

Жөргөмүштү тартышты,

Өчүрүп кыргыз саймасын.

Мекенчил кыргыз жок бекен,

Кайдасың, кыргыз кайдасың?

Айрым топтор тарабынан Ак калпак күнүн өткөрүү демилгесин көтөрүп, 2017-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан «5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү» деп жарыяланган. Албетте, жоктон көрү жогору деген саамалык болгон, бирок тийиштүү жыйынтыгын берген жок. Калпак күнүн белгилөө ураанын көтөргөн адамдар калпакты коргоо ишине келгенде дагы өз позицияларын көрсөтө албады. Итке калпак кийгизген кездеги акцияларда алардын карааны көрүнбөдү. Көрсө, биз атак-даңк издегенде же фейсбукта отурганда гана баатыр экенбиз да кызталак.

Зээнибизди кейиткен, касиеттүү калпагыбызды шылдыңдаган жорук жакында дагы бир ирет кайталанып, Германиядагы гейпарадда бир шоруң каткыр кийип чыкты. Анын кызтеке болушуна элибиздин эч кандай күнөөсү жок, каалаган жерине барып жашай берсин. Анан кыргыздын баалуулугун кордогонго анын кандай акысы бар? Калпакты кийип чыгып эмнеге шылдыңдайт? Азыр техника өнүккөн доор, биздеги тийиштүү органдар өздүгүн аныктап, чара көрсө мындай осол иштер кайталанмак эмес. Кана, өзбек, казак, тажиктин кийимин кийип чыккандар барбы? Алар мындай иштерге тыкыр көзөмөл жүргүзүп турат.

Германиядагы гейди айтып оозубузду жыйганча Россиядан «Дом 2» деген бузуку берүүнү алып барган Ольга Бузова деген селки келип, кыргыздын чепкен-калпагын кийип шорлотту. Бул кыргыздын намысын талкалоо менен барабар да. «Жамандын үйүн коногу бийлейт» дегендей, тарпыбыз чыгып калды эй. Кайдагы бир шумпайлар келип шылдыңдап жатканы иттик эмей эмне?! Буга чейин салтты билбеген адамдар В.Шевченкого да калпак кийгизишкен. Ооба, ал кыргыздын сыймыгы, бирок аял же кыз кишиге кийилүүчү элечек же үкү топу бар. Аны эмнеге эстебейт?

Акырында айтарыбыз, калпак сындуу атадан калган баалуу мурастарды көздүн карегиндей кастарлап-кадырлоону ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек. Мамлекеттик кызматта иштеген замандаштарыбыз ар-намысына келиши кажет. Кыргыздан чанган маңкурттарга атадан калган мурастарды тебелеп-тепсете бербей, тизгиндеши зарыл. Калпактын касиетин билбеген чет өлкөлүктөргө, наркты түшүнбөгөн бейтааныш меймандарга калпак кийгизүүнү токтотуу зарыл. Биз сөзүбүздү манасчы Дөөлөт Сыдыковдун ыры менен жыйынтыктайбыз.

Ак калпак

Таажынын анык белгиси.

Теңирдин берген энчиси.

Калпакты дайым кадырлап.

Кийип жүргөн эр киши.

Кыргыздын тиккен энеси.

Ак калпак мөңгү элеси.

Кыргагы болсо жалпы эл.

Чачысы нурдун нак өзү.

Бабадан бизге буюрган.

Уздардан бизге сунулган.

Башыңдагы калпакка.

Көк Теңир куту уюган.

Үлгүсүн алган тоолордон.

Жасалган уз колдордон.

Улук деп ата-энелер да.

Калпакты ылдый койбогон.

Кийген, Манас эр барктап.

Келген кыргыз эл даңктап.

Ал муздактан бери эле.

Кыргыздын жүзү ак калпак.

Кыргызга Теңирден ыйгарылган ак калпакты касиеттүү Кыдыр, элечегин энебиз Умай кийген. Манас атабыз ата мурасын улантып, кут уюган ак калпакты бизге калтырып кетти. Эч качан башыбыздан түшпөсүн.

Ак калпактын касиети

Калпак – кыргыздын улуттук баш кийими. Эркек киши гана киет. Көпчүлүк учурда ак кийизден жасалгандыктан, аны ак калпак деп атаган. Кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Касиетин аны кийип жүргөндөр гана сезе алышат.
Калпак бекем бышырылган кийизден жасалат. Бири-бирине дал келген төрт кечиндинен куралып, кыргыз эли байыртан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Калпактын ак кийизден жасалганы анын ыйыктыгын, аруулугун түшүндүрөт. Калпак – далай тарыхты карыткан баш кийим. Кыргыздар уулу балакатка жеткенге чейин кыюусу жашыл калпак кийгизишкен. Бул баланын жаңыдан жетилип келе жатканын туюндурат. Ошондой эле балага көз тийбесин деп калпактын маңдайын эки ача кылып тилип коюшкан. Уул бала балагат жашына жеткенде кыюусун кызыл түскө алмаштырышкан. Мындай калпак кийген бала кыз жандап жүрүүгө, өзүнө жар издөөгө акылуу болгон.

Илгери айылга кыюусу кызыл калпак кийип, башка жактан келген жаш жигитти көргөндөр «кыз издеп келген тура» деп түшүнүшкөн. Жеңелер андай уланды сынай карап, бой жеткен кайын сиңдисине ылайык келерин же келбесин байкашкан. Калпактагы кыюунун арты менен жигит өзүнө жар табууга жетишкен. Жигит үйлөнүп, өзүнчө үй-жай күткөндө кыюусу кара калпак кийгизишкен. Мындай калпакты илгери кыз тарап даярдап келип, күйөө балага тартуулашкан. Кара кыюу жигиттин үй-жайы бар экендигин, жигит ак-карасы аралаш турмуш шарына кошулганын баяндаган.

Эгер адам өз айылдаштарынын же өз уруусунун алдында кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жеткен болсо, туугандары андай адамга аппак түстөгү калпак кийгизишкен. Мындай калпакты калыс, акылман, көсөм адамдар да кийүүгө акылуу болушкан. Уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турушкан. Алар даражасы жогору экендигин билдирген төбөсү шуңшуйган, кыюусу жок ак калпакты кийишкен. Андай калпак кийинчерээк «Бакай калпак» аталып кетти.

Жаш балдарга колдой жүрсүн деп Умай эненин, көз тийбесин деп карганын тырмагын, тилеги дайыма суудай аппак болсун деп булактын жана башкалардын образын оюу менен чагылдырышкан. Ошондуктан оюулар да «Умай эне», «карга тырмак», «булак» оюмдары деп аталат. Жигиттер аңчылыкка, куш салууга жакын болсо, калпактарына ошол маанини камтыган оюм-чийимдер түшүрүлгөн.

Калпак – кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз өмүрү 40-35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу санжырага айланган. Ысыкта нормалдуу температураны сактап, муздакта суук өткөрбөгөн улуу касиети бар. Мырзаларыбыздын башынан ак калпак ар дайым түшпөсүн.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: