Menu

Спикер Дастан Жумабеков: “Ар бир үйдө, ар бир ишканада Майлуу-Суунун лампасы жанып турушу керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-июль күнү Жогорку Кенештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун иши менен таанышты. 1700дөй жергиликтүү тургунду иш менен камсыздаган заводдо ушул тапта лампанын ондогон түрлөрү чыгууда. Арасында заманбап, электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларды чыгарып экспорттоого жетишкен. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кытай жана Туркия өндүрүшүндөгү лампалардан айырмаланып, Майлуу-Суу лампасынын сапаты жогору экени аныкталган. Ошентсе да, заводдун жетекчилиги маалымдагандай, алар мамлекеттик колдоого муктаж. Учурда эски өндүрүштөгү лампалар бара-бара рыноктон суурулуп чыгууда. Андыктан, заводдогу жабдууларды да реконструкциялоо зарылдыгы чыгууда. Ал учун жалпы жонунан 7.5 млн доллардай акча каражаты керектелет. Буга чейин заводго Кыргыз-орус фондунан насыя алуу аракети болуп, андан натыйжа чыккан эмес.

Анткени, завод стратегиялык объект болгондуктан, кредит берилиши үчүн аны өкмөт өзү сатып алуусу керек, же башка инвесторго сатуу зарыл деген маселе бар. Эгер завод жаман колго сатылып кетсе, анын иши токтоп калышы ыктымал деген чочуулоолор бар экени белгиленип, бул проблема өкмөттүн деӊгээлинде чечилиши керектиги белгиленди.

Төрага Дастанбек Жумабеков завод боюнча өз пикирин билдирди. “Биз ар дайым 10 же 100 жумуш орунун түзөлү деп инвестор издейбиз. Аларга жер таап берели, шарт түзөлү деп убара болуп журобуз. Бирок 1700 адамга жумуш берген ушундай алтындай болгон заводду колдой албасак, анда өнүгүүдөн үмүт үзүп коюш керек. Ар бир үйдө, ар бир ишканда Майлуу-Суунун чырагы күйүп турушу керек. Ал үчүн рекламаны күчөтүп, маркетинг жолго коюлушу зарыл. Өзүбүздүн өндүрүштү колдоо үчүн өкмөт бут чараларды көрүшү кажет. Сырттан келген лампага салыктарды жогорулатып, ал эми биздин лампа заводду салыктардан жеӊилдетүү керек”, – деди төрага. Белгилей кетсек, завод ар ай сайын 15 млн сом салык төлөйт.

Ошондой эле, төрага Дастанбек Жумабеков, депутат Талантбек Мамытов жана өкмөт өкүлдөрү Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушту. Тургундар өтө курч маселереди козгоп, мэрия жакшы иш алып барбай жатканын айтып даттанышты. Эӊ башкы көйгөйүнүн бири – бул ичүүчү суу. Шаардыктарга ичүүгө мүмкүн болбогон ылайка суу келет. Элдин көбү ал сууну тундуруп ичсе, айрымдар таза суу сатып алууга аргасыз. Спикер өкмөттүн тийиштүү өкүлдөрүнө кайрылып, элге жооп алып берди. Таза суу департаменинин өкүлү Сайпидин Момунов Майлуу-Суу шаарын таза суу менен камсыздоого Европа реконструкиялоо жана өнүктүрүү банкынан 8.1 млн евро каралып жатканын билдирди. Каражаттын 35 % грант, 65%  насыя. Каражат женилдетилген шартта 25 жылга алынууда. Учурда суу курулмасына, суу куурларын, саркынды суу куурларын алмаштыруу үчүн жана керектүү техника сатып алууга тендер жарыялоо иштери даярдалууда. 2020-жылдын аягына чейин таза суу долбоору ишке ашып бүтөрү маалым болду. Өз сөзүндө төрага эл таза суу менен камсыз болушу керектигин белгилеп, маселени көзөмөлгө аларын билдирди.

Жолугушууда көбүнесе социалдык багыттагы- мугалимдердин айлыктары, пенсия, жөлөк пул алуу көйгөйлөрү, шаарды көрктөндүрүү сындуу маселелерин ортого салды. Төрага бул суроолорго жооп берип жатып, сентябрдан тарта мугалимдердин айлыгы 30% көтөрүлө турганын, октябрда пенсияга акча кошула турганын белгиледи. Аны менен катар, спикер пенсия жана жөлөк пул алууну жеӊилдетүү боюнча ЖК кабыл алган мыйзамдар боюнча маалымат берди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: