Menu

Нурбек Айдаров, ырчы: “Мөөрөгөн ырлар мени таң калтырат…”

Бөлүшүү:

Кезинде “Кызыл гүлүм ай” аттуу ыры менен миңдеген күйөрман топтогон жылдыздуу ырчы Нурбек Айдаров акыркы кезде чыгармачылыктан бир топ алыстап кеткендигин баамдасак болот. Анын үстүнө бир топ убакыттан бери ооруп жаткандыгын социалдык тармактардагы сүрөттөрүнөн көрүп калчу болдук. Ырчынын ден соолугун сурап кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жылуу маек курду.

– Нурбек мырза, акыркы убактарда социалдык тармактардан балдак таянган сүрөттөрүңүздү көрүп калчу болдук. Ден соолугуңузду сурайлы деп кайрылдык эле…

– Менин ден соолугума саресеп салып, акыбалымды сурап жатканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында унаа менен бара жатып кырсыктап, жамбаш сөөктөрүм жабыркаган. Жамбашты бириктирген муунду кесип салып, ордуна протез коюшат экен. Ал биздин өлкөдө табылбай тургандыктан Германия мамлекетинен алынды. Операция ийгиликтүү өттү. Сабырбек Жумабеков агай өзү жасап, өзү акырына чейин дарылады. Бул негизи өтө опурталдуу жана оор оперциялардын бири болуп саналат экен. Кудайдын жардамы менен башында балдак менен басып жаткам, бара-бара өзүм басканга аракет кылып, балдактан арылып калдым. Рентгенден өтсөм бардыгы жакшы деп айтышты. Негизи кырсык эч кимдин башына келбесин. Бир жарым ай ордумдан тура албай төшөктө жаттым. Азыр бир аз тыңып, өз алдымча короого чыгып жатам.

– Чыгармачыл инсандар чыгармачылыктан бир аз алыстаса эле катуу депрессияга түнгүп өзүн таштап салышат эмеспи. Негизи эле көптөн бери ырдаганыңызды көрө элекпиз. Тыныгуу жасап жатасызбы?

– Туура, чыгармачылыктан акыркы убакта жубайым Жанара экөөбүз тең алыстап кеттик. Экөөбүз үй трричилик менен алек болуп жатып, чыгармачылыкка кенен көңүл бура албай, гастролдорго чыкпай, ырларды жаздырбай, көбүнчө тойлор менен алек болуп кеттик. Жалпысынан алганда Жанара экөөбүз 14 жылдан бери элибиздин жакшылыктарында кызмат кылып, тойлорду баштан-аяк тейлеп келе жатабыз. Учурдагы негизги жумушубуз да той болуп калгандыгына байланыштуу чыгармачылыктан бир аз оолактай түштүк. Жакшы эле чыгынып дуэттерди жаздырып, клиптерди тарттыралы деген ойлорубуз бар. Экөөбүз тең чуркап барып ыр жаздырганга чыгына албай жатабыз. Менимче бул биздин чыгармачылыгыбыздагы кризис болуп жатат окшойт. Жанара бала менен да бошой албай калып жатат. Мен да минтип кырсыктап калып ана-мына деп жатып убактыбыз өтүп жатат. Буюрса жакшы тилектер, максаттар алдыда. Жакында ишке ашырып, элибизге кайрадан талантыбызды тартуулайбыз деген изги тилектернбиз бар.

-Убагында “Кызыл гүлүм ай” аттуу ырыңыз менен миңдеген күйөрман топтогонсуз. Бул ыр сиз үчүн акжолтой ыр болсо керек?

– Албетте “Кызыл гүлүм ай” деген ыр мен үчүн акжолтой ыр болду. Ал менин визиткам, тумарым болуп бере алды. “Динара” тобунан өз алдынча бөлүнүп чыгаарым менен эле ушул ырды жаздырып, чынында ошол кезде бир топ ийгиликке жеткем. Ушул ырдын артынан түгөйүмдү тапкам, көптөгөн күйөрман топтой алдым. Ырдын бир түндө аранжировкасын жазып, ырдап чык деп түрткү берген досум Мирлан Ниязовго терең ыраазычылыгымды айтам.

– Жанара эже экөөңүздөр тең азыркыдай интернеттин өнүккөн заманында эмес, телефон жаңыдан чыгып жаткан заманда төбөңүздөр көрүндү эле. Ал кезде атактуу болуу азыркыдан кыйла оорураак болгон эмеспи?..

– Убагында мен деле укмуш атактуу болчумун дегенден алысмын. Бир ыр жаздырып алып эле атактуу болуп кеттим, укмушмун дегендерден эмесмин. Мага караганда менин келинчегимдин атактуулугу ошол учурда өтө бийик болчу. Жанара ошол учурда мен-мен деген ди-джейлердин бири эле. Кыргызстан обондорундагы бирден-бир атактуу, алдыңкы ди-джей болгондугуна байланыштуу менден далай тепкич бийикте турчу. Ал өзүнүн өжөрлүгү, талыкпаган эмгегинин арты менен далай бийиктиктерди багындырды. Мен анын талантын баалайм жана өмүр бою урматтайм. Азыр болсо элге таанылуу кыйла жеңил болуп калгандай… Сүрөткө түшүп эле “Инстаграмга” чыгарып коюп атактуу болгондор абдан көбөйдү. Бирок Жанара экөөбүз андай курактан өтүп кеткенбизби же
биздин табитке туура келбейби, айтор замандын агымы менен ага албай койдук. Бизге көп тааныштарыбыз “Чыккан тойлоруңардын баарын “Инстаграмга” жайгаштыргыла, каякка барсаңар сүрөт жүктөп тургула, өзүңөрдү кичине жарнама кылбайсыңарбы?” – деп айтышты. Бир-эки жолу аракет кылып көрдүк, бирок биздин табитибизге туура келбейт экен. Кечке эле тойдо жүрө беришеби деген сөздөн уялат экенбиз. Жөн эле сүрөтүбүздү чыгара беребизби деп өзүбүзчө сүйлөшүп күлүп калабыз. Келинчегим да бул нерсени алып кете алган жок, мен дагы көңүлдөнгөн жокмун. Балким ушундай куракка келип калганмынбы, айтор тынбай эле “Инстаграмга” сүрөт жайгаштыргандан уялып калыптырмын.

– Азыркы шоу бизнес өкүлдөрүнүн чыгармачылыгына кандай баа берет элеңиз? Өзгөчө маанисиз ырлардын көбөйүшүнө?

– Мен жогоруда айткандай убагында да, азыр да өзүмдү укмуш атактуумун деп эсептебейм. Азыркы жаштардын көбүн атактуулардын катарына кошо албайм. Телевизорго бир-эки жолу чыга калып эле атактуумун дегендер да андан көп. Атактуу адам деп 20-30 жылдай кыргыз искусствосуна тынымсыз эмгек кылган, зор салымын кошкон, шедевр чыгармаларды жараткан адамдарды айтат элем. Ал эми маанисиз ырларды ырдап жаткан жаштарса да, ошону кабыл алып жаткан элдин түшүнүгүнө да таң калам. Элдин түшүнүгү эмне ушунча жеңил, пас болуп калганбы? Биздин убакта ырдын сөзүнө, обонуна анча-мынча болсо да көңүл бурулчу эле. Азыр жаштардын ырлары, өзгөчө Самат Эркинбеков аттуу жигит аткарып жаткан “Дыкындыш” дейби, ушул өңдүү болбогон мөөрөп койгон ырлар ушунчалык атактуу болуп жатканы мени таң калтырат. Капа болушпасын, бардык чыгармачылыгын сыйлайм, бирок ырдап жаткан ырын ыр деп деле эсептебейм.

– Жанара эже кезинде менден да атактуу болчу деп калбадыңызбы, өзүңүздөн атактуу, жумурай журт сүйгөн бирден-бир булбул үндүү кыздын жүрөгүн кантип багындырып алдыңыз эле?

– Жанара экөөбүз азыркыдай өнүккөн заманда эмес, жупуну заманда таанышканбыз. Анда азыркыдай социалдык тармак деген жок, болгону пейджер аркылуу смс жөнөтө алчубуз. Бизди Кудай тааныштырды, дал ошол смс аркылуу бири-бирибизлн жактырып баш кошконбуз.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: