Menu

Түркмөнстанда өлгөн жоокердин туугандары анын ууланганына ишенишкен жок

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Ооганстан менен чектеш аймагында жайгашкан аскер бөлүгүндө жоокердин сырдуу өлүмү талаш-тартыш жаратууда. Сулейман Оразовдун сөөгү жакындарына 26-июлда берилген.

“Туугандарына 25-июль күнү чалышып, алардын уулу ууланып өлгөнүн кабарашкан. Маркумдун курсагын тилип, ичеги-кардын алып, кайра одоно тигип коюшуптур. Мындан тышкары башын дагы ачышып, мээсин алышкан экен ”, – деди “Эркин Европанын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Жоокердин жакындарынын биринин айтымында, маркумдун далысында бир нече тилик болгон жана аны чүпөрөк менен тыгып коюшкан. Түркмөнстан Коргоо министрлиги жана ИИМ өкүлдөрү сөөктү алып келгенде эмне үчүн ичеги-карды жана мээси алынганын, тиликтер кайдан пайда болгонун түшүндүрүп беришкен эмес. Ошондуктан жоокердин туугандары анын ууланып өлгөнүнө ынанбай жатышат. Алардын божомолунда жоокерге ок тийген болушу ыктымал.

Маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилген эмес. Ал үйдүн улуу баласы болгон, атасы жок өскөн.

Түркмөнстан Коргоо министрлиги бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

№2108 аскер бөлүгү Ооганстан менен чек арада жайгашкан. Бир нече жылдан бери “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары ал жактагы атышуулар жана түркмөн чек арачыларынын өлүмү тууралуу кабарлап келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: