Menu

Атамбаев элдешпей турганын Карамушкинанын оозу менен айтты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен элдешпей турганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Эл өкүлү Атамбаевдин Москва сапарынан кийин “Атамбаев менен Жээнбеков элдешеби?” деп сурап кайрылгандар көбөйгөнүн жазды. Карамушкина Атамбаев кандай шартта Жээнбеков менен элдеше турганын санап берди.

“Президент Матраимовдор чыгарып кетти деген каражаттар боюнча тергөө баштоону, Жээнбеков, Матраимовдордун, прокурор, соттордун декларациясын текшерүүгө тапшырма бериши керек. Алардын байлыгы кагазда көрсөтүлгөн менен дал келет бекен? Бардык тармактагы мамлекеттик кызматтардан өз туугандарын алышы керек. Президент ушуга барабы? Барбаса, элдешүү да болбойт”, – деп жазды Карамушкина.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Орусияга Канттагы авиабаза аркылуу учуп, 25-июлда кайтып келген. Ал Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Кыргызстанга келгенде журналисттердин суроосуна жооп берип, бийлик менен биригүүгө кеч болуп калганын айткан.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: