Menu

Абылгазиев “ап” эткендерден аябай коркот

Бөлүшүү:

Жакында эле эки державанын президенттери өлкөгө келип ал жолугушуулар жемиштүү болгонун айтышкан болчу. Көрсө келген коноктор өлкөгө мурдагысындай эле акча маселесин чечип кетишкен экен. Эми биздикилер ал акчаларды майнаптуу пайдалануу боюнча баш оорутуп, акчаларды “ап” этип кетпөөнү Абылгазиев баштаган өкмөт баш оорута баштады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарларынын алкагында кол коюлган эл аралык келишимдерди жана бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Ага ылайык, “Стратегиялык өнөктөшүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору” VIII кыргыз-россия аймактар аралык конференциясынын жыйынтыгы менен 6 миллиард 134 миллион 860 миң долларлык 53 келишимге кол коюлган. Анын ичинде инвестиция чөйрөсүнө 5 миллиард 514,7 миллион жана соода тармагына 620 миллион доллар каралган.

Ал эми Кытай лидери Си Цзиньпиндин визитинин алкагында өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунун жүрүшүндө 7 миллиард 828 миллион долларлык тоо-кен, агрардык өнөр жай, билим берүү, курулуш тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган 24 документке кол коюлган. Мындан тышкары, 500 миллион юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Ага катар кытай тарап 2019-жылдан 2021-жылга чейин 1,5 миллиард юань гранттык жардам көрсөтүү ниетин билдирген. Мындай жардамдар эгемен кыргыз тарыхында бир топ эле болуп, 27 жылда Кыргызстанда байкалаарлык өзгөрүүлөр болбогону айтылып келет. Ошондон уламбы, айтор өкмөт башы Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнө мурдагыдай мурдуларын тыкпоого жана ал келишимдеги акчаларды максаттуу пайдаланууга чакырды.

“Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери кол коюлган документтерге жеке жоопкерчиликти тартышат. Түшкөн каражаттар максаттуу пайдаланылып, эң керектүү чөйрөлөргө багытталышы үчүн биздин ишибизди тутумдаштыруу абзел. Алар “жок болуп” кетпеши керек, мурдагыдай баш аламандык эч болбосун. Биздин жарандар сүйлөшүүлөр боюнча олуттуу натыйжаларды күтүп жатышат”, — деди өкмөт башчы.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: