Menu

Видео – Темирлан Султанбеков, КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү: “КСДП эмне үчүн президенттикке Сооронбай Жээнбековду колдоду? Анткени эл анда алсыз, колунан эч нерсе келбеген, жетеленме президентти каалап турган”

Бөлүшүү:

“Моюнга алдык го, КСДП эмне үчүн президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековду тандап, сүрөмөлөдү? Анткени бүтүндөй өлкө алсыз, кайратсыз президентти каалап турган”, – деп билдирди кечээ, 29-июлда КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Next TV телеканалында.

“Бүтүндөй өлкө алсыз, кайратсыз президентти каалаган, анткени алсыз президент 6 жылда эч бир мамлекеттик органдын иштерине кийлигишпейт, парламент, өкмөт, сот системасы күчтөнөт деп ойлоп, мына ушуга басым жасалган. Ошого жараша 2016-жылы Конституция өзгөртүлгөн, ал өзгөртүүлөр боюнча 2018-жылдын 1-январынан тартып өкмөт жана парламент дагы күчтүү болмок.  Ошого жараша өтө жумшак, кайратсыз президент бул система менен жакшы жуурулушуп кетмек. Алсыз, колунан эч нерсе келбеген, жетеленме президент мына ушул картинага, көз карашка эң сонун айкалышып калмак. Ал өзү да эч жака аралашпайм, кийлигишпейм деп так убада  берип, айтып келген. Биринчи жагынан ал Атамбаевди колдойм деген, экинчи жагынан эч жакка аралашпайм, “туугандуу бийде ыйман жок” , “кимдин көп туугандары болсо ал жаман башкаруучу болот” деп дайыма айтып келген. Бирок баары тескерисинче болду”, – дейт КСДПнын Россиядагы өкүлү Темирлан Султанбеков.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Видео : Next TV

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: