Menu

Элчи Эрик Бейшембиев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана ЭКУ боюнча Департаментинин жаңы келген башчысы менен жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-июлда, Исламабад шаарында Элчи Эрик Бейшембиев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана ЭКУ боюнча Департаментинин жаңы келген башчысы Хасан Афзал ырза менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкекте бул жылдын 13-14-июнунда, Пакистандын уюмдун жаңы мүчөсү катары активдүү катышуусу менен өткөн, ШКУ саммитинин жыйынтыгы маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле, 2019-жылдын 4-чү бөлүмүндө өтө турган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-пакистандык өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынынын жана Кыргыз-Пакистан Ишкер Советинин  маселелерин  да талкуулашты.

Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу кеп кылып, региондук транспорттук байланышынын маанилүүлүгүн эске алуу менен, кыргыз тарабы «Пакистан-Кытай-Кыргызстан-Казахстан ортосундагы транзиттик ташуу боюнча төрт тараптуу келишимдин» негизги потенциалын өнүктүрүү маселелерин көтөрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы бардык чөйрөлөрдө мамилелерди андан ары өнүктүрүү үчүн, бири-бирине болгон берилгендигин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: