Menu

Фото – Бишкекте кыргыз-америкалык эки тараптуу консультациялар өтөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-июлда КР Тышкы иштер Министри Чыңгыз Айдарбеков АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Орунбасары Джонатан Хеникти кабыл алды. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

АКШ делегациясы 2019-жылдын 31-июлунда өтүүчү Төртүнчү ар жылдык кыргыз-америкалык эки тараптуу консультацияларга катышуу үчүн Бишкекке келди.

Тараптар техникалык-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө жаңыланган Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн, биргелешкен практикалык долбоорлордун багыттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча кызматташтыкты жандантуу маселелерин талкуулашты.

Америкалык тарап Кыргыз Республикасынын демократиялык жетишкендиктерин жогору баалады жана өлкөдөгү демократиялык институттарды жана базар экономикасын бекемдөөгө мындан ары дагы көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

«Биздин өз ара мамилелерибизди бекемдөө ниетибиз бар. Кыргыз Республикасы жетишкен прогрессти көрүүгө кубанычта болдум», – деп белгиледи Дж.Хеник.

Тараптар кыргыз-америкалык мамилелерин жаңы мазмун менен толуктоо зарылдыгы тууралуу өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: