Menu

Кашкар Жунушалиев, министр: “Эгерде милиция жетекчилери мен койгон тапшырмаларды аткара албаса, иштеген ишинен кетиш керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-июль күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2019-жылдын 1-жарым жыл ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү. Коллегияга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкармалыктардын жана райондук башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
Коллегияда “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын 2019-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө”, “Соттук-укуктук реформанын жүрүшү жөнүндө”, “ИИМдин коллегиясынын 2019-жылдын 2-жарым жылдыгына карата Иш-мерчемин бекитүү жөнүндө” жана башка ар түрдүү маселелер каралды.
Коллегияда биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков өз баяндамасында,  ички иштер органдарынын 2019-жылдын 1-жарым жыл ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерди белгиледи. Ал негизинен үч бөлүктөн турган “уюштуруу иш-чаралары, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө, жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана кызматтык тартиптин абалы тууралуу баяндады. Министрликтин ишмердүүлүгүнүн ар кандай багыттары боюнча Өкмөттүн программаларындагы берилген тапшырмалар, башка стратегиялык документтер, андан сырткары, өлкөдө түзүлгөн ыкчам кырдаалдар боюнча министрлик тарабынан бир катар уюштуруучулук иш-чаралар ишке ашырылганы белгиленди. Анын ичинде, “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү Жарлыгы”, “Өлкө жарандарынын укуктук маданиятын жогорулатуу”, “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасы, “Өкмөттүн иш-аракеттер мерчеми” жана башка маанилүү багыттарды камтыган иш-чаралардын негизинде өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарды. Өлкөнү санариптештирүү иш-чарасынын алкагында, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн, Чүй облусунда былтыр ачылса, ал эми Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр ачылып, ишке киргизилгендигин белгиледи.
Ошондой эле Бишкек шаары боюнча жол кыймылын жана коомдук коопсуздукту камсыздай турган “Милициянын кайгуул күзөт кызматы” түзүлүп, талапкерлер конкурс аркылуу жумушка кабыл алынып, учурда аларды окутуу, үйрөтүү иш- аракеттери жүргүзүлүүдө. Жогорудагы аталган маанилүү багыттардын негизинде, Ички иштер министрлиги тарабынан бир катар иштер жүргүзүлдү. Мисалы: Өлкөбүзгө келген туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында, Бишкек шаарында, Ысык-Көл облусунда “Туристтик милициянын” взводдору түзүлүп, материалдык –техникалык жабдуулар менен камсыздалды.
“Кызматтык милдеттерди аткарууда жер-жердеги ички иштер органдары тарабынан “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” маалымат тутумуна кылмыштар жана жоруктар жөнүндө маалыматтардын каттоодон кийинки мыйзам чегинде өз убагында чечилишинде кемчиликтер жок эмес, буга жергиликтүү биринчи жетекчилер буга көңүл бурбай жаткандыгы да катуу эскертилди. Соттук-укуктук реформанын алкагында окууларды дайыма жүргүзүү керектигин да белгиледи. Ошондой эле жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана кызматтык тартиптин абалы жөнүндө айта кетти. Жер-жердеги ар бир жетекчи кол алдындагы кызматкерлердин тартибине өзгөчө көңүл буруу керек. Биз мыйзам бузган кызматкерлерден тазалануу менен бирге катуу талаптарды койобуз жана көзөмөлдү күчөтөбүз”,- деди Сүйүн Өмүрзаков.
Соттук-укуктук реформанын жүрүшү жөнүндө министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов коллегиянын катышуучуларына 2019-жылдын биринчи январынан бери ишке кирген жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын талаптарынын аткарылышына анализ жасоо мене бирдикте бир катар беренелерге өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилгендигин да баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президентинин соттук-укуктук реформаны алдыга жылдыруу боюнча саясатын колдоо алкагында, алардын маанилүүлүгүн эске алуу менен, Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев тарабынан Пландын бардык пункттарын, анын ичинде башынан, башка мамлекеттик органдарга жүктөлгөн пункттарды дагы ишке ашыруу тапшырмасы коюлган.
ИИМ тарабынан өткөрүлүп жаткан соттук-укуктук реформасынын алкагында баардыгы 14 267 дааана же 3 590 комплект Кыргыз Республикасынын кодекстери басылып чыкты. Анын көбү бюджеттен каражат талап кылбай, демөөрчүлөрдүн жардамы менен басылып чыгарылып жер-жерлердеги ИИОнун кызматкерлерине таратылды.
Ушул жылдын май айында “Кылмыш иштери боюнча жана жоруктар туралуу иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш” деген илимий-усулдук колдонмо, ИИМ кызматкерлери менен иштелип – чыгып, ИИМнин Тергөө кызматынын 1000 нуска басылып чыгып, кызматкерлерге таратылып берилди,-деди Курсан Асанов
Коллегиянын жүрүшүндө Кашкар Джунушалиев бардык жетекчилердин ийгиликтери менен кемчиликтери баса көрсөтүп, кызматтык ишмердүүлүктун сапатын жогорулатууда жогорку деңгээлдеги тапшырмаларды койду.
Министр борбордук аппараттын жана жер-жерлердеги кызмат башчыларынын жетекчилик уюштуруучулук-иштеринин өз деңгээлинде уюштурулбагандыгын, белгиленген иш-чаралар тиешелүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгын сынга алды. Айрыкча, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ишмердүүлүгүнүн начар экендигин кескин сынга алынып, аталган кызматтын кызматкерлери тартип жазаларына кириптер болушту. Коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында да милицияга жүктөлгөн милдеттер боюнча мамлекеттин жана элдин алдында ички иштер органдарынын тиешелүү бардык жетекчилери жооптуу экендиги да айтылды.
Коллегияда ИИМдин Тергөө кызматынын, Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын, Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө а каршы курөшүү кызматынын, Криминалдык милиция кызматынын, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын, Бишкек шаардык, Чүй жана Нарын, Ош облустук милиция башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын башчыларынын коомдук тартипти сактоодогу, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердүүлүгү толугу менен электен өткөрүлдү. Ошондой эле ички иштер органдарынын ички кызматтык тартиби тууралуу да олуттуу сөз болду.
Алты айдын жыйынтыгы боюнча облустарда, башкы башкармалыктарда атайын ыкчам кеңешмелер өткөрүлгөн, анын жыйынтыгы менен ИИМдин коллегиясы ички иштер органдарынын алты ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүн кеңири талкууга алды жана жетекчилер тарабынан кетирилген кемчиликтери боюнча жалпы чечим кабыл алды, анын негизинде ондон ашык жетекчилик курамдагы кызматкерлер тартиптик жазага кириптер болду. Ошондой эле бир катар жетекчилерге тогуз айдын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү жетекчилик ишмердүүлүгүнө кайрадан кайрылып, ар бирине баа бериле тургандыгы эскертилди.
Коллегияны жыйынтыктап жатып, Кашкар Джунушалиев өз сөзүндө милициянын ишмердүүлүгү жана негизги багыты калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга, ошондой соттук-укуктук реформаны ишке ашырууга багытталат. Бул багытта окутуу иш-чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүү керек. Аталган реформада ар жетекчинин үлүшү болушу зарыл. Жарандардын укуктары менен эркиндигин жана коомдун кызыкчылыгын коргоодо укук коргоо органдарынын ишмердигин өркүндөтүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле, милицияга элге жакын болсун деп айылдык, шаардык милиция бөлүмчөлөрүн мындан ары чыңдай тургандыгын, мүмкүнчүлүккө жараша ар бир айылда милициянын аймактык тескөөчүсүн жана мектептерде өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун да санын көбөйтүүнү, жаңы кодекстерге ылайык тергеле турган иштердин саны көп болуп жаткандыгына байланыштуу Тергөө кызматына жана  Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгына да кошумча штаттык бирдиктер бериле тургандыгын, тергөө жана жоруктар боюнча катталган иштерди өз убагында сапаттуу тергөө, кылмыш бетин ачуу жана сотко жөнөтүү иштерин координациялоо жана уюштуруу иштерин чечүү максатында райондук бөлүмдөрдө сотко чейинки өндүрүштү көзөмөлгө ала турган орун басарлардын штаттык бирдигин киргизүү чечимин да кабыл алгандыгын баса белгиледи.
Ошондой эле айрыкча шаардык жанан айылдык милиция бөлүмчөлөрү толук кандуу иштеши зарыл, ал жерде нөөмөт бөлүгү, ыкчам кызматкерден тышкары тергөөчү жана жоруктар боюнча иштеген ыйгарым өкүл болушу, аларды зарыл болгон материалдык-техникалык база менен камсыз кылуу жана интернет киргизүү тапшырмаларды министр катуу койду. Анткени милиция элге жакын болуп, элге кызмат кылышы керек деген негизги багытты ишке ашыра тургандыгын да баса белгиледи.
Бүгүнкү коллегиянын чечими менен өз алдынча кызматтардын жана бөлүктөрдүн жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада ондоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн. Кийинки коллегияда жогоруда белгиленген тапшырмалардын аткарылышы боюнча катуу суроо талап кылам. Тапшырмалардын аткарылышы боюнча да тиешелүү чечимдер кабыл алынат, милиция эл менен бирге болуп, эл мүдөөсүн чечүүсү керек, эгерде милиция жетекчилери мен койгон тапшырмаларды аткара албаса, жаныча иштей албаган жетекчилер иштеген ишинен кетиш керек. Бизге берилген ишенимди актоо ар милиция кызматкеринин түздөн -түз милдети жана парзы болууга тийиш, – деп баса белгиледи Кашкар Джунушалиев, коллегияны жыйынтыктап жатып.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: