Menu

Нариман Түлеев: “Мен Атамбаев сыяктуу сурактан качпайм, тергөөчү чакырары менен жетип барам”

Бөлүшүү:

“Мен чет өлкөдө эс алып жаткан болчумун, мага каршы кылмыш иши козголгонун угуп, азыр эс алуумду токтотуп, шашылыш түрдө Кыргызстанга кайтып жатам. Мен Атамбаев сыяктуу сурактан качпайм, тергөөчү чакырары менен жетип барам”, – деп билдирди бүгүн, 31-августта Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев 24.kg маалымат агенттигине.

“2009-жылы мен Бишкекке мэр болуп иштегеним чын, бирок, анда мэрдин жер бөлүштүрүүгө ыйгарым укугу жок болчу. Жер бөлүштүрүүнү шаардык кеңештин атайын комиссиясы чечип, көзөмөлдөгөн. Тергөө баарын дыкат иликтеп, ким күнөөлүү экенин далилдесин. Мага козголгон кылмыш иши бул Атамбаевдин буйрутмасы менен уюштурулган”, – деди Нариман Түлеев.

Кечээ, 30-июлда Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы “Политклиника” сайтынын журналисттик иликтөөсүнүн негизинде – экс-мэр Нариман Түлеев 2009-жылы 6 жер тилкесин өзүнө афирирленген адамдар аркылуу менчиктеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

“Политклиника” гезити жана сайты Атамбаевдин шоопуру Икрамжан Илмияновдун каржылоосу астында чыгып жүрүп, кийинчерээк Илмиянов Татарстанга качканда “Интерньюс” жана башка эл аралык донорлордун каржылоолорун ала баштаганы ММКларда жана социалдык тармактарда кеңири талкууланып келген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: