Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 30-июлда саат 09:20 чамасында Нарын-Баетов унаа жолунун 35-чакырымында (Үгүт айылы) «Тойота-Ипсум» жана «Нисан-Сефиро» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен 2 аял киши (1965-жылы туулган Д.Т. жана 2018-ж.т. Р. кызы А.) каза болгон жана 10 адам ( 8 эркек: 1977- жылы туулган У.М., 2012-жылы туулган М.А., 1992- жылы туулган К. уулу Р., 1961-жылы туулган Ш.К., 2015-жылы туулган Р уулу У., 2017-жылы туулган Р уулу М., 2017- жылы туулган Р. уулу У жана 2018-жылы туулган Р. уулу М., 2 аял: 1978-жылы туулган Ч.Б., 1995-жылы туулган Э. кызы К.) жабыркаган.
КР ӨКМдин №47 ӨКБдан куткаруучулары каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ