Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон өзүнүн сапарын улантууда. Бүгүн, 31-июлда Мамлекет башчысы Чүй облусунда жумушчу сапары менен болуп, Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков  аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кыскача айтып берип, аймактарда ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүп жаткандыгын белгиледи.

Президент ишкердик үчүн берилген жеңилдиктер, өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу, каржы институттары тарабынан жеңилдетилген насыялоо боюнча иштерге токтолду.

«Аймактарды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Акимдер жана жергиликтүү бийлик кошумча инвестицияларды тартуу үчүн активдүү иштөөсү керек, эл аралык каржы институттары Кырыгзстан менен иш алып барууга даяр,»  — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле ал  ирригация, таза суу менен камсыз кылуу, ипотекалык насыялоо, стратегиялык жолдордун курулушу, инфраструктуралык объектилер, энергетика тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын белгиледи. Өзгөчө экологиялык таза ата мекендик продукцияларды экспортко чыгарууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спортту өнүктүрүү боюнча долбоорлорго токтолуп, мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Сот-укуктук реформа, коррупция менен күрөшүү, тышкы саясат, өлкөнү санариптештирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу айтып берди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылууда.

Жолугушууга Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, Панфилов районунун акими Мелис Райымкулов, тийиштүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: