Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кечээ, 30-июль күнү саат 17:30 чамасында Октябрь айыл аймагынын Жолголот айылында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү каналдан суу ашып, кыш (кирпич) чыгаруучу заводдун аймагын каптаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Жеринде ыкчам чара көрүү максатында КР ӨКМдин Ак-Суу райондук ыкчам тобу, кыш чыгаруучу заводдон 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылып, сел өтүүчү каналдын тосмолору тазаланды.
31-июль күнү селдин кесепетерин жоюу иштери улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ