Menu

Ишкер Каримовдун өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды

Бөлүшүү:

Азыркы учурда Орусияга мигрант болуп барып, бутуна турган кыргызстандыктар деле аз эмес. Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысы, ишкер, 54 жаштагы Камчыбек Каримовду быйыл 2-июлда үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кеткен.

Бул кылмыш акчанын айынан болгондугу да белгилүү. Анткени кылмышкерлер маркумдун колундагы ири суммада акча салынган сумкасын көтөрүп кетишкен. Бирок ал аймакта видеокамера болгондуктан, окуя камерага түшүп калган. Ушул жумада «Комсомольская правда» басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Екатеринбургда кыргызстандык ишкер Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шек саналып жаткандардын бири кармалганын маалымдады.

Маалыматка ылайык шектүүнүн аты Зарылбек жана ал Кыргызстанда туулуп-өскөн. Күч органдары аны Челябинск облусунун Коркино шаарында кармап, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө бергени айтылды. Ал ошол күнү автоунаанын айдоочусу болгон. Шектүү буга чейин карактоо беренеси менен соттолуп, өткөн жылы октябрь айында эркиндикке чыккан.

Каримовго кол салган үч киши окуя болгон жерге жакын үйдүн камерасына түшүп калган. Алар маркумдун баштыгындагы 19 млн. рублди алууну максат кылышкан.

Буга чейин орусиялык URA.ru маалымат агенттиги кылмышка “Зама” деген каймана аты бар Замир аттуу Кыргызстанда төрөлүп, Орусиянын жарандыгын алган адам шек саналып жатканын жазышкан. Ал буга чейин оор кылмыш үчүн бир нече жыл соттолуп, жакында эле түрмөдөн чыкканы маалымдалды.

Анын Каримов менен тааныш экени, 2-июлда “Таганский ряд” базарында ишкердик кылган маркумдун жанында ири суммадагы акча барын билип, аны карактоо максатында кол салуу уюштурганы айтылган.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: