Menu

Григорий Михайлов, REGNUM маалымат агенттигинин шеф-редактору: “Атамбаев Кремлдин эскертүүсүн укпай койсо, анда өзүнө эле жаман болот”

Бөлүшүү:

-Жалпысынан алганда, Кыргызстан менен Россиянын союздук мамилеси жакшы нукта уланууда. Россия мамилени жакшыртып, биргелешкен долбоор, пландарды ишке ашырууга даяр. Алмазбек Атамбаевге келсек, Путин анын дарегине бир да колдоо сөз айткан жок. Москва менен Путин Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн тирешүүнү токтотууга чакырууда. Путин Жээнбековду колдоого алды, анткени ал аракеттеги президент. Ушундай эле колдоону Москва Атамбаев бийликти турганда да көрсөткөн. Эми ал бийликтен кеткенден кийин аракеттеги президенттин ишине тоскоолдуктарды жаратпашы керек. Же өлкөдөн чыгып кетсин, же президент менен ымалага келсин. Кремлдеги жолугушууда Путин Атамбаевге реалдуулукту кандай болсо, ошондой кабыл алуу керектигин айтты. Атамбаевден кандайдыр бир демилгенин кереги жок, башкысы, тынч отурсун, эсине келсин.

Жолугушуунун жыйынтыгы Атамбаев ойлогондой болгон жок, болуп өткөн нерсени акылга салуу үчүн ага убакыт керек болду. Болбосо, Владимир Путин менен жолуккандан соң, анын маалымат айдыңынан жоголуп кетүүсүн кандай түшүнүүгө болот? Анын өкүлү да унчуккан жок, ага чейин соцтармакта Атамбаевдин сапары боюнча тынбай фото, видео отчет берип турган эле. Эгерде кыргыз лидери россиялык лидер менен жолугушуудан кийин эле билдирүү жасап, өзүнүн “могущий” экенин саймедиресе логикага ылайык келмек. Бирок андай болгон жок…

Москванын Кыргызстандын мурдагы президентин кабыл алууга эмне негизги фактор болду? Кыргызстанда аракеттеги президент менен мурдагы президенттин ортосундагы мамиле конфликттик кырдаалга жеткенин, кандуу кагылышуулар болуп кетиши ыктымалдыгы боюнча Москва маалымат алды. Кой-Таштагы кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетсе, кайра эле Россияга кийлигишүүгө туура келмек. Ошол себептен Кремлдеги жолугушууну уюштуруу менен Кремль Атамбаевдин бир жылдан берки каалоосун аткарды. Атамбаев акыркы бир жылдан бери Путин менен жолугушууга катуу аракет кылып келди. Путин аны кабыл албай келген, себеби, Атамбаев президенттиктен кеткен адам. Атамбаев жадабай айтып келгендей, Путин экөөсүнүн ортосунда достук мамиле жок, болгон да эмес, кызматтык байланыш гана болуп келген.

Атамбаевдин Кремлдеги жолугушуудан кийинки иш-аракеттери мындан ары кандай болоруна келсек, ал Кремлдин “тынч отур, эсиңе кел” – деген эскертүүсүн четке кагып, укпай, мүнөзүн көрсөтүп, теңирден тескери кетиши да ыктымал. Анда анын кесепети Атамбаев менен айланасындагылар үчүн катуу болот.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: