Menu

Москвадагы элчи Аликбек Жекшенкулов “Ыр кесе” өткөрүү демилгесин колдоду

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын маданий борборунун өкүлдөрү менен жолугушту. Анда маданий борбордун өкүлдөрү кыргыздын элдик музыкалык салттуу майрамдары “Сармерден”, “Ыр кесе” жана башка музыкалык долбоорлорду өткөрүүнү демилгелешти.

Ошентип, жолугушууда аталган маданий борбордун өкүлдөрү өз ишмердүлүктөрү жана “Сармерден”, “Ыр кесе” музыкалык долбоорлорунун уюштуруу тарыхы жана Кыргыз улуттук музыкасын Орусиядагы башка элдер жана диаспоралык уюмдар арасында даңазалоо багытындагы келечектеги иш-пландары тууралуу кеңири айтып беришти.

Жолугушуу соңунда Аликбек Жекшенкулов маданий борбор тарабынан өткөрүлүп келаткан Улуттук музыкалык иш-чаралардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, жалпы кыргыз диаспорасы арасында маданият тармагында биргелишип иш алып баруу жана жалпы мекендештерди ынтымакка, биримдикке чакыруучу иш-чараларды биргелешип өткөрүүгө үндөдү.

Өткөн жумада Аликбек Жекшенкулов ошондой эле Орусиядагы www.kginfo.ru сайтынын жаратуучусу А.Эгембердиев менен жолугушту.

Жолугушуу маалында Кыргыз элчилигинин, Орусиянын аймактарында жашап жатышкан кыргызстандык мекендештерибиздин, Кыргыз диаспорасынын бардык иш-чараларынңін жалпыга маалымдоо каражаттарында бейтарап чагылдырылышы, Орусиянын ЖМКларында кыргызстандыктарга тиешелүү маалыматтарга ыкчам жана адилеттүү көңүл буруу тууралуу актуалдуу маселелер кенен-чонон талкууланды.

Соңунда Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосунда эки тараптуу союздаш мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымы, www.kginfo.ru сайтынын ийгиликтүү иш алып баруусун камсыздоосу үчүн А.Эгембердиевге Кыргыз Республикасының Орусия Федерациясындагы Элчилигинин атынан Алкыш каты тапшырылды.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: