Menu

Жээнбеков менен Рахмон чек араны чечүүгө чындап киришти!

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 26-28-июлунда президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча жолугушуусу – эки өлкөнүн ортосундагы бул багыттагы талаш маселелерди чечүүдөгү тарыхый окуя болуп калды. Анткени, эки республиканын көз карандысыздыкка жетишкендерине 28 жыл болгон менен чек ара маселелери боюнча мамлекет башчылары атайылап биринчи жолу эки өлкөнүн чек арасында жолугушту. Болгондо да сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундун Тажикстандын Баткен облусу менен чектешкен, дайыма чыр-чатактар чыгып жаткан жеринде баштап, анан калган белүгүн Чолпон-Атада улантышты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара 950 чакырымга жакынды түзсө, алардын 54 пайызы такталып, делимитация жана демаркация процедураларынан өткөрүлгөн. Ал эми калган бөлүгү боюнча пикир келишпестиктер көп болгондуктан улам кийинкиге калтырылып келүүдө. Көйгөйлөрдүн көбү анклавдардан чыгууда. Тажик тарап анклавдарга түз жол ачып, алардын тегерегин кеңейтүүнү суранып, алар үчүн башка жерлерден жер берүүгө убада кылууда. Эгерде алардын өтүнүчтөрү аткарылса, Баткен облусунун бир бөлүгү анклавга айланып калат. Ошондуктан кыргыз тарап аларды четке кагып, башка варианттарды сунуштоодо. Алардын арасында Өзбекстан менен Казакстан Чимкент, Ташкент облустарындагы бирден кыштакты алмашып алгандай варианттар бар экен деп да угабыз, бирок алар ачыкка чыгарыла элек. Алар кандай болбосун эки тарап тең компромисске бармайынча, чек ара маселеси чечилбеши турган иш. Ар тарап өз позициясын гана коргоп, сунуш кылып тура берсе, сүйлөшүүлөрдө жылыш болбойт.

Кыргызстандын биринчи качкын президенти Аскар Акаев чек араларды такташтыруу жөнүндө сөз болсо эле Франциянын 1980-1990-жылдардагы президенти Франсуа Миттерандын “Чек ара маселесин талкуулоо – согуш маселесин талкуулоо” деген сөздөрүн кайталап, аны улам кийинкиге калтырганга аракеттенчү. Анын тушунда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек ара гана такталып, демаркацияланган, ал эми Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселелерин чечүүгө чындап киришпеген, батыл кадамдарды жасаган эмес. Эгерде ал бул ишке көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында эле активдүү киришсе, азыр чек араларыбызда чыр-чатактар чыкмак эмес, эки тараптуу соода, экономикалык жана маданий мамилелер тоскоолдуктарсыз өнүкмөк. Азыр чек араларыбызда жыл сайын орто эсеп менен ондон ашык жаңжалдар катталат, быйыл ушул мезгилге чейин 7 чатак чыкты. Сөзсүз алар эки тараптуу мамилелерге терс таасирин тийгизүүдө.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмон менен жолугушканда “жөнөкөйдөн татаалга” деген вариантты сунуш кылды. Ал эки тарапта кайчы пикирлерди жаратпаган жерлерди тезирээк делимитациялап, демаркациялап, көйгөйлөрдү азайтып, татаал маселелерге жакындай берүү – дегенди билдирет. Жөнөкөйлөрдүн баары чечилип бүтүп, татаалдары гана калса, алардын да бир эби табылат. Анткени, дүйнөлүк практикада саясый эрк, каалоо болсо, чек ара маселелерин чечүүнүн жолдору көп.

Мамлекет башчылары чек ара маселелери боюнча жолугушканда албетте, карталарды колдоруна алып, калемдер менен чийип киришпейт. Алар маселелерди чечүүгө каалоолору, эрктери бардыгын билдирип, түздөн-түз аткаруучуларды тездетишет, дүйнөлүк практиканын негизинде жолдорун издетишет. Ошол эле мезгилде бири экинчисинин оюн байкап, кайсыл жерлер боюнча компромисске барарын, кайсыл жерлер боюнча мурдагы позициядан кайтпашын кыйытышып, бири-биринин каш-кабактарын караштырышат. Эгерде каш-кабактары төп келишип бири-бирине симпатиялуу жакшы сезимдер жаралса, маселе шыр эле кетет. Андай маанай жаралбаса, маселе дагы кийинкиге калтырылат. Бирок, кандай болбосун эки мамлекет башчысынын чек арада эски достордой жолугушуп, маселени чечүүгө убада берүүсү – элди тынчтандырып үмүттөндүрүп, бири бирине ишенимин арттырып, кызуу кандууларды эстерине келтирери шексиз.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: