Menu

Фото – Ирактагы КР жарандарынын балдарын кайра алып келүү маселелери Министр Чыңгыз Айдарбековдун ЮНИСЕФтин КРдагы Башчысы менен жолугушуусунда талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-июль күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы дайындалган Өкүлү Кристин Жольмду анын ушул кызматка дайындалуусуна байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

К.Жольм аны дайындоо тууралуу ЮНИСЕФ жетекчилигинин ишеним катын Министр Ч.Айдарбековго тапшырды.

Маектешин дайындалышы менен куттуктап, Министр ага жаңы кызматында ийгиликтерди каалады жана Кыргызстан менен ЮНИСЕФтин ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка үмүт артты.

Тараптар Кыргызстан менен ЮНИСЕФтин өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттарын, атап айтканда, балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого багытталган долбоорлорду талкуулашты.

Министр Ирактагы КР жарандарынын балдарын кайра алып келүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. “Биз, өлкөнүн компетенттүү органдары менен биргеликте бул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Балдар кырдаалдын айынан жабыркабашы керек. Бул маселеде биз ЮНИСЕФтин жардамын абдан күтөбүз”, – деди Ч.Айдарбеков.

Өз кезегинде К.Жольм балдарды Ирактан кайра алып келүүнү уюштуруу ниети үчүн кыргыз тарабына ыраазычылык билдирип, уюмдун бул демилгени колдоого даяр экендигин билдирди. Балдарды кайра алып келүү боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө зарылдыгын жана кайра алынып келингенден кийин балдардын коомго интеграциялануусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Чыңгыз Айдарбеков Ирактын аймагындагы КР жарандарынын балдарын кайра алып келүү боюнча ишке колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ЮНИСЕФке ыраазычылык билдирип, балдардын реинтеграциясы үчүн ЮНИСЕФтин көмөк көрсөтөөрүнө ишеним артты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: