Menu

Ашхабад дүкөндөрүндө көгөргөн ун сатылууда

Бөлүшүү:

Ашхабад жашоочулары мамлекеттик дүкөндөрдө сатылган ундун сапатынын начардыгына даттанышууда. Бул тууралуу “Эркин Европанын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

«Кошунам мамлекеттик дүкөндөн 50 килограмм ун сатып алган. Алар капты ачканда ун көгөрүп, жагымсыз жыттанып кетиптир. Унду кайра дүкөнгө алып барышкан, бирок сатып алуучу алган эмес», – деди ал.

Кабарчынын айтымында, кошунасы бузулуп кеткен унду малга жем катары колдонуу үчүн айылдагы туугандарына салып жиберген. Акыркы убакта ашхабаддыктар мындай абалга көп туш болушууда.

Сапатсыз ун мамлекеттик «Туркменгаллаонумлери» тегирменинен чыгат. Ишкана жергиликтүү тургундардын даттануусуна түшүндүрмө бере элек.

Түркмөнстанда ун жеке соода түйүндөрүнө караганда мамлекеттик дүкөндөрдө арзан сатылат. Бир кап унду 50 манатка сатып алса болот. Расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатты түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: