Menu

Фото – Элчи Жээнбек Кулубаев Казакстандын чоң шаарларында айыл чарба азыктарын дүң сатуу жана сатып алуу боюнча компаниялардын башчылары менен жолукту

Бөлүшүү:

Кечээ, 31-июль күнү Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Ыйгарым жана Укуктуу Элчиси Жээнбек Кулубаев Казакстандын чоң шаарларында айыл чарба азыктарын дүң сатуу жана сатып алуу боюнча “PrimeCapital Holding” компаниясынын башчысы Д.Жаныбеков жана “MCC trade company” Башкы директору А.Баймаханов менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ж. Кулубаев экспорттук потенциалды, баа жеткиликтүүлүктү жана кыргыз айыл чарба продукциясынын жогорку сапатын белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда соода мамилелерин кеңейтүүсүнүн маанилүүсүн баса белгиледи.

Кыргызстандан Казакстанга айыл чарба азыктарын экспорттоого жана кыргызстандык өнөктөштөр менен иш алып барууга аталган казакстан компаниялардын өкүлдөрү кызыкчылыгы бар экендигин билдирип, ишкер байланыштарды түзүп берүүгө көмөк көрсөтүүңү суранышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: