Menu

Кой-Таштагылар сентябрда “Түкүрүк өкмөт” менен “Чимкирик парламент кетсин!” деген митинг башташат

Бөлүшүү:

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин иши өрлөбөй, экономикалык, социалдык жапырт кризиске кептелгенибиз – аягында карапайым калктын кыжырын чындап кайнатууда. Өндүрүш токтогон, инвестициядан кабар жок, жумушсуздук күч алган, айтор, кайда караба «мамайдын көрү» дегендей эле кеп болууда. Ишке чоркок Абылгазиевдин айынан саясый чыңалууларга да байма-бай туш болдук. Кытайларга каршы митинг, урандын чуусу, анан калса бажасы, кайниси менен Кыргызстанга «дүң» болгону, ж.б. жат көрүнүштөр…

Өкмөттүн мындай аксаганы Кой-Таштагылардын чырагына май тамызып, сентябрдын алгачкы күндөрү «Түкүрүк өкмөт» менен «Чимкирик парламент» кетсин!» дегендей митинг башташары кызуу кепке айланды. Эгерде бир айдан кийин Атамбаев элди көтөрүп, премьерди кубалап жиберсе эмне болот? Анын талабы элдин каалоосуна шайкеш келип атпайбы? Мындай шартка жеткизбей өкмөттү тезинен алмаштырууну да ойлогондор четтен чыга башташканы угулууда. Маселен, Абылгазиевдин ордуна Чүй облусунан кадр караштырышканы, натыйжада, Азиз Суракматов менен Темир Сариев жогору жакта талкууга түшкөнү бүйүр кызытууда. Суракматовду Акүйгө жагынган олигарх куруучулар, маслократ «элита» колдосо, Сариевди саясатка туура анализ жасаган коомдук ишмерлер кубаттап атышыптыр… Дал ушул жерден 2007-жылдагы «Бириккен фронт» митинги эске түшүүдө. Агезде Феликс Куловду колдогон эл кылкылдап аянтка батпай калганда, Курманбек Бакиев премьер-министрликке Алмазбек Атамбаевди дайындап, Сары Өзөндүн бир лидерин экинчиси аркылуу «жыга чапкан». Бийлик саясый утушка жетип, Атамбаев чогулган көпчүлүктү тараткан болчу…

Кырдаал мына ошондой чыңалып кеткиче, Кой-Таштан шаарга толпа түшкүчө эртелей Сариевди өкмөт башына алып келүү зарыл. Темир мырза Атамбаевге туруштук берет, нааразы тараптардын маанайын өзгөрткөнгө акылы, тажрыйбасы да жетиштүү. Эң башкысы, ал дасыккан саясатчы, артында колдогон күчтөр да бар. Эгерде Сариев премьер-министр болсо, кошуна мамлекеттерге да жүзүбүз жарык болмок.

Ал эми кыргызча тыңдап сүйлөй албаган, шаарды чоң базарга айлантып бараткан Суракматовду курулушчу ишкерлер, маслократтар эмнеге жандашат? Кызматынан пайдаланып калуу үчүн эле алар азгырылууга алдырып атышкан жокпу? Саясаттан алыс мэрди саясый кызматка дайындоо акыр аягы опурталдуу бүтүп жүрбөсүн? Кыскасы, Суракматов суу кечире албайт…

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: