Menu

Тагдыр: Эгиздеримдин жүрөгү сокпой калды

Бөлүшүү:

– Күйөөм Бакытты аябай жакшы көрөм. Ушунчалык жакшы көргөндүктөн айрылып калуудан, бир күнү жолунан бир азгырык жолукчудай коркуп жашайм. Биз баш кошкондон кийин көпкө балалуу боло албай жүрдүк. Бир күнү кош бойлуулуктун белгилери билинди. Кубанычымда чек жок болду. Дарыгер да аныктамасын берди. Эгиз балалуу болорумду билдим. Бул мезгилдердеги, бул күндөрдөгү бактылуу ирмемдер ай! Бакыт мага болушунча башкача камкор болуп жүрдү. Бир күнү ичим бурап, катуу ооруп баштады. Түйүлдүктөрүмө жаңы гана тогуз жума болгон. Ооруканага шашылыш бардык. Бирок эгиздеримдин жүрөгү сокпой калыптыр. Боюмдан алдырттым. Мен үчүн оор жоготуу болду. Палатада жаздыгым жашка чыланып жаттым. Мен жоготтум, эгиздеримди да, Бакытымды да жоготтум деп көз жашым сызылып жатты. Ооруканадан чыккандан кийин депрессияга тушуктум. Көпкө өзүмө келе албай кыйналып жүрдүм. Бирок Бакыт мага мурдагыдан да камкор болуп, кыйын учурда жөлөк болду. Оор күндөр артта калды. Кайрадан ымыркай жыттаганга саналуу күндөр калып, курсагымды сылап, жашоомо да, Бакытыма да ыраазы болуп отурам. Бир аз кыйынчылык кезиксе эле жубайларын таштап кеткен жигиттерге айткым келет: кичине гана сабырдуу жана камкор болсоңор, жубайыңар силер үчүн жарык дүйнөдөгү баардык жакшы нерселерди тартуулайт.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: