КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жана КР Каржы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жооптуу жетекчи кызматкерлери кыргыз жарандарынын жаңы үлгүдөгү паспортторун жасатууга буйрутма берүүдө коррупциялык кылмыштарды жасашкан деп шектелип козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралу бүгүн, 2-августта КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Ал кылмыш ишинин фигуранттарынын бири – КР Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова болуп эсептелет.
КР УКМКнын тергөө кызматы анын адвокаты аркылуу Алина Шикованы суракка келүүгө чакырып, бир нече жолу чакыруу кагазын тапшырды.
Эгер Алина Шаикова 5-августка чейин суракка келбесе жана ал катыша турган тергөө амалдарына келип катышпаса КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 230-беренесине ылайык ага издөө жарыяланат деп билдирет УКМК.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ