Menu

Даса-СУдагы каргашалуу кырсык боюнча 99 кызматкер суралууда

Бөлүшүү:

2017-жылы 16-январда Дача-СУ айылына учак кулап, ал каргашадан 39 адам адам көз жумган. Ал эми учактын ичиндеги жүк ушул кезге чейин сырдуу маалымат катары айтылып, ачыкталбай келет. Ал каргашада адамдар өлүп жатса, өрттөнүп жаткан учактан чачыраган телефон, ар кандай гаджет, чайнек сыяктуу буюмдарды жергиликтүү эл жана милиция, өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери алып кетишкени маалым. Бирок бүгүнкү күндө ИИМдин болгону 3-4 кызматкери, ал эми өрт өчүрүү кызматынын 99 кызматкерин суракка алып жатыптыр. Ишти ИИМдин Тергөө боюнча башкы башкармалыгы жүргүзүп жатат. Суралып жаткандардын арасында министр Кашкар Жунушалиевдин айылдаштары да бар экени айтылууда. Эң кызыгы ар ким көтөрүп кеткен телефондор уурдалды деп эч ким деле арыз жазган эмес. Чынында кулаган учактын товарларын милиция, өрт өчүрүү кызматкерлери эле эмес, ошол айылдын айрым тургундары, башка жактан жардам беримиш болуп баргандар, айтор абдан көп адамдар алып кетишкен. Бул жагын ИИМ да эң сонун билет. Андай болсо өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлерин эле эмес, башкаларды да жоопко тегиз тартышса акыйкаттык болмок.

Андан көрө ИИМ, Башкы прокуратура, УКМК телефон алгандарга асылбай, ошол 39 адамдын өмүрүн алган сырдуу жүктүн ээсин ачык айтып, ошолорду жоопко тартышса жалпы элге жагаар иш болбойт беле. Бул маселе боюнча министр Жунушалиев эмне дейт болду экен. Өткүрбек мырза болсо атына заты жарашпай, илең-салаң иштеп туру. Кыскасы, укук коргоо органдарынын ана башчылары иштеген иштеринин майын чыгара албай, сындан башы чыкпай келишет. Ошол каргаша болгон учурда Сооронбай Жээнбеков премьер-министр, Абылгазиев биринчи вице болуп, комиссиянын төрагасы болуп, баардык ишти көзөмөлгө алган. Ал тургай чогулган акчанын бир тыйына чейин санап турушкан. Өлкө жетекчилери Дача-СУ кырсыгы боюнча эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин унчугушпайт. Же өздөрүнүн да аралашып калган жайы бар беле?

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: