Menu

Казакстанда отставкадагы жүздөгөн офицер турак-жай үчүн компенсация талап кылууда

Бөлүшүү:

Казакстандын Коргоо министрлигинин жүзгө жакын отставкадагы офицери Алматыда митинг өткөрүштү. Алар өкмөттөн турак-жай берүүнү же иштеген жылдары үчүн компенсация төлөөнү талап кылып жатышат.

Офицерлердин айтымында, алардын турак-жай же компенсация ала албай жатышына 2013-жылы «Аскердик кызмат тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр себеп болууда. Ага чейин офицерлер турак-жай менен камсыз болбосо же компенсация албаса, иштен бошонуп кете алган эмес. Алар пенсияга чыкканда кайтарымсыз негизде кызматтык турак-жайын менчиктештирип алуу же акчалай компенсация алуу укугуна ээ болчу.

Алматыда өткөн митингге өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 100гө жакын отставкадагы офицерлер катышты. Алардын айтымында, бул көйгөйгө кабылгандардын саны мындан алты эсе көп. Алардын көбүнө Коргоо министрлиги компенсация төлөп берүүдөн баш тартып, турак-жай дагы берген эмес.

«Мен президентке кайрылам, мамлекет Казакстан боюнча 10 жылдан ашык аскерде кызмат өтөгөн бардык пенсионерлерге 100% компенсация төлөп бериши керек. Алардын көбү жатаканаларда жана эски тамдарда жашаган. Мындан тышкары алардын балдарына 23 жашка чыкканга чейин акчалай компенсация берилиши керек», — деди митинг катышуучусу Кайрат Жундибаев.

Өз кезегинде өлкөнүн Коргоо министрлиги мекеме мурдагыдай пенсияга чыгып жаткан офицерлерди турак-жай менен камсыз кылуу же аларга компенсация төлөп берүүгө милдеттүү эмес экенин билдирүүдө.

«Биз бардыгын турак-жай менен камсыз кылууга милдеттүү эмеспиз. Мындай офицерлердин категориясы бизде 2013-жылга чейин бар болчу. Анда аскер кызматкери турак-жайы жок болсо иштен бошонуп кете алчу эмес. Азыр эреже башкача», – деди коргоо министринин орун басары Тимур Дандыбаев.

Мекеме акчанын ордуна офицерлерге кымбат эмес баадагы турак-жайларды ипотекага алууну сунуштап жатат. Бирок мурдагы аскер кызматкерлери ал үйлөр өткөн кылымдын 70-жылдары курулганын айтып, аларда жашоодон баш тартышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: