Menu

Түркмөнстанда бюджеттик мекемелерде иштегендер жапырт түрдө талаа иштерине чыгарылууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Лебап облусунун бийлиги мамлекеттик мекемелерди кызматкерлерин талаа иштерине жөнөтүп турууга милдеттендирди. Бул тууралуу «Эркин Европанын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, учурда аймакта пахтаны чеканкалоо — сабактарынын башын үзүү өнөктүгү башталды. Бул өсүмдүктүн бийиктеп өсүүсүн токтотуп, мөмө байлашын тездетет.

«Бул өнөктүк үчүн мамлекеттик мекемелерде иштеген ар бир кызматкерден 20 манаттан акча чогултулуп жатат. Мындан тышкары пахта сабактарынын баштарын үзүү мезгили аяктаганга чейин ар бир мекеме кезек менен 5-6дан кызматкерин талаага жиберип турууга милдеттендирилди», — деп билдирди кабарчы.

Түркмөнстанда айдоо жерлер мамлекеттин менчигинде. Быйыл өлкө бийлиги 550 миң гектар жерден 1 миллион 50 миң тонна пахта жыйноо пландалып жатканын билдирген.

Эл аралык уюмдар пахта терүү маалында балдардын эмгегин пайдалангандыгы жана адамдарды мажбурлап иштеткендиги үчүн түркмөн бийлигин байма-бай сындап келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: