Кыргызстандан ууру мышыкча уурданып, Канттагы орустарга берилген аэродром аркылуу Маскөөгө уча жеткен Атамбаев Россия президентине жетүүнү көксөп жатып Владимир Путинге жолукту. Путин Алёшканы далысына таптап, Кыргызстандагы абал, стратегиялык кызматташтык тууралуу айта келип, эми өлкөнүн жаңы «кожоюнуна» эле баш ийсең, мамлекетти өнүктүрүп ынтымактуу жашасаңар деген мааниде кеп айтты.
Атамбаевдин бул жооругун кылым жашаган кыргыз эли эбак эле накыл сөзгө салып коюптур. «Өз агасын агалай албаган бирөөнүн эшигин сагалайт» деген макал учурда Алмазбек Шаршеновичке куп жарашып турат. Эми чындыкты чыр дөбөдөн издеген Атамбаев мыш болуп, башын жерге салып Кыргызстанга кайтты? Арсар келген күндө да кол тийбестик укугунан ажыраган мурунку президентти жаңы бийлик килем төшөп тосуп албашы айкын. Колуна кишен салбаган күндө да суракка чакырып ашмалтайын чыгарат. «Торпоктун жетер жери саманкана», дегендей Атамбаевдин эмки бара турган жери сураккана болуп турат.
Жунис Бекжанов
Булак: “Кабар Инфо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ