Menu

Бир катар чет өлкөлөрдүн жарандары үчүн визалык талаптар жеңилдетилди

Бөлүшүү:

Кыргызстанга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген меймандардын Кыргызстанга кирүү шарттарын жеңилдетүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык, ишкерлик жана туризм тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында виза берүү кызматтарын оптималдаштырууга багытталган пландуу иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын 1-августунда 391-токтомду кабыл алган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы токтомго ылайык жеңилдетилген виза режими киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилди.

Бул тизмеге Алжир Элдик Демократиялык Республикасы, Бангладеш Элдик Республикасы, Египет Араб Республикасы, Индия Республикасы, Иордан Хашимит Королдугу, Ливан Республикасы, Марокко Королдугу, Непал Федеративдүү Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Тунис Республикасы, Шри-Ланка Демократиялык Социалдык Республикасы кирди.

Жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын, Кувейт Мамлекетинин, Катар Мамлекетинин, Бруней- Даруссалам Мамлекетинин, Оман Султанатынын жана Бахрейн Королдугунун (жарандар аты аталган өлкөлөрдүн резидент-карталарына ээ болуулары керек) аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашоолору тийиш.

Кыргыз Республикасына келүү үчүн 1 айлык мөөнөткө чейинки кыска мөөнөттүү туристтик визалар Булуңундагы өлкөлөрдүн резидент-карталарын жана резидент-визаларын (бир жерде туруктуу жашоого укук берүүчү документин) көрсөткөндө гана жеңилдетилген тартипте таризделип берилет (чакырууну тариздөө зарылчылыгы жок эле жеке кайрылуунун негизинде).

Виза берүүнүн жеңилдетилген тартибинин киргизилиши биздин өлкөгө Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн меймандарды тартууга өбөлгө түзөт. Булуңунун өлкөлөрүнө авиарейстер ачылып жаткан учурда бул өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштын өнүккөн араб өлкөлөрүнүн резидент-жарандары үчүн жеңилдетилген виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкө болуп калды.

Өкмөттүн Токтому 2019-жылдын 11-августунда күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: